Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Чумабы же кооптуу ушакпы? Лаборанттын өлүмүнөн кийин Иркутскиде эмне болду?

  • Өзбекстан
  • 09.10.2026 17:19

Loading

Россиянын Иркутск облусунда чумага каршы институттун 28 жаштагы лаборантынын трагедиялуу өлүмүнө байланыштуу биологиялык коркунучтун жогорку деңгээли жарыяланды. Каза болгон аял дарыланган оорукана катуу карантинге жабылып, медицина кызматкерлерине үчүнчү күндөн бери нөөмөттөн кийин үйлөрүнө кетүүгө уруксат берилбей жатат. Эпидемиологдор маркум менен байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн мүнөтүнө чейин тактоого аракет кылышууда.

Мындай катуу чаралардын себеби — чуманын эң коркунучтуу, агрессивдүү жана жугуштуу түрү болгон өпкө чумасына шек жаралышы. Бул жабык лабораториядагы өзүнчө бир трагедиябы же жаңы эпидемиянын реалдуу коркунучубу?

Бүгүнкү чыгарылышта биз бардык фактыларды талдап, оорунун белгилерин эске салабыз. Эң негизгиси, Иркутскидеги окуялар Өзбекстанга кандай таасир тийгизгенин жана өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык комитети кандай шашылыш коргонуу чараларын киргизгенин аныктайбыз.

Тема боюнча

Өзбекстан менен Омандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

Өзбекстан менен Омандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

18.11.2026

ИРКУТСКИДЕ ЭМНЕ БОЛДУ?

Окуялардын чордонунда Иркутск шаарындагы Чумага каршы илимий-изилдөө институту турат. Негизги версиялардын бирине ылайык, 25-сентябрда 28 жаштагы лаборант Дарья Шипилова жумуш учурунда ичинде өтө кооптуу биологиялык материал — өпкө чумасынын козгогучу болгон пробирканы кокусунан сындырып алган.

Төрт күндөн кийин — дал ушул убакыт инкубациялык мезгилге туура келет — Дарьянын абалы начарлаган. 29-сентябрда ал өзү жашаган Шелехов шаарындагы райондук ооруканага шашылыш түрдө жаткырылган. Башында дарыгерлер коронавирустун оор түрүнө шек санап, кызды COVID-19 менен ооругандар үчүн бөлүнгөн борборго жайгаштырышкан.

Бирок оору өтө тез өнүккөн. 1-октябрда Дарьянын абалы кескин начарлап, ал жандандыруу бөлүмүнө которулган. Аны өпкөнү жасалма желдетүү аппаратына туташтырышкан, бирок кызды сактап калуу мүмкүн болгон эмес — ал 2-октябрга караган түнү каза болгон.

Расмий мекемелер бир топ убакыт бою «өзгөчө кооптуу инфекция» деген этият формулировканы колдонушкан. Бирок коңшу Бурятиянын башчысы институттун кызматкери өпкө чумасынан каза болгонун түздөн-түз билдирген. Ошондой эле ЖМКларда Дарья Таиландга барган сапарында жуктуруп алышы мүмкүн деген версия кызуу талкууланган. Бирок бул маалыматтар көп өтпөй четке кагылып, аталган версиянын чындыкка дал келбегени айтылган.

КАТУУ КАРАНТИН ЖАНА КООПТОНУУ

Бийликтин реакциясы дароо болгон. Анткени өпкө чумасы адамдан адамга жугушу мүмкүн. Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын бакубатчылыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчиси Анна Попова Иркутскиге шашылыш учуп келген.

Окуя боюнча Россиянын Тергөө комитети биологиялык коопсуздук эрежелерин бузуу жана анын кесепетинен адамдын өлүмүнө алып келүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Роспотребнадзор кырдаал туруктуу экенин расмий билдирип жатканына карабастан, көрүлгөн чаралар апаат тууралуу тасманын сценарийин эске салат. Шелехов шаарындагы ооруканада катуу карантин киргизилип, бейтаптарды кабыл алуу жана ооруканадан чыгаруу толугу менен токтотулган. Нөөмөттө турган медицина кызматкерлери жумуш ордунда эле жабык режимде изоляцияланган.

«Люди Байкала» аттуу көз карандысыз басылманын маалыматына караганда, Иркутскидеги дагы бир нече ири ооруканада, атүгүл төрөт үйлөрүнүн биринде да үч жумалык карантин шашылыш киргизилген!

Калк арасында да кооптонуу күчөй баштаган. Иркутск алюминий заводунда беткап тагынуу режими киргизилип, коңшу шаарлардын администрациялары тургундарды Шелеховго барбай турууга расмий чакырышкан.

Ошол эле учурда тергөөчүлөр Дарья инфекцияны Монголиянын чек арасына жакын Бурятияга болгон иш сапары учурунда жуктуруп алган болушу мүмкүн деген версияны да текшеришкен.

Бирок Бурятиянын башчысы Алексей Цыденов бул маалыматты расмий түрдө четке кагып, аялдын республикага барбаганын, ал жакта учурда чуманын очоктору жок экенин жана инфекциянын булагын Иркутскидеги лабораториянын өзүнөн издөө керектигин билдирген.

Азырынча эң жакшы жаңылык — маркум менен байланышта болгону үчүн изоляцияланган 197 адамдын баарынын анализдери терс жыйынтык көрсөткөн. Алардан оорунун белгилери аныкталган эмес. Россия Илимдер академиясынын окумуштуулары инфекциянын кеңири жайылуу ыктымалдыгы төмөн экенин жана кырдаал толугу менен көзөмөлгө алынганын билдиришүүдө.

ӨПКӨ ЧУМАСЫ: БУЛ КАНДАЙ ООРУ ЖАНА АНЫ КАНТИП ТААНУУГА БОЛОТ?

Өпкө чумасы — чума инфекциясынын эң коркунучтуу, агрессивдүү жана тез өнүккөн түрү.

Табигый шартта адам бул инфекцияны бүргөнүн чагуусунан же инфекция жуккан жаныбардын, мисалы, кемирүүчүнүн же суурдун өлүгүн союу учурунда жуктуруп алышы мүмкүн.

Бирок өпкө түрүнүн негизги коркунучу башкада: ал дем алуу системасын жабыркатат жана кадимки сасык тумоо сыяктуу эле, оорулуу адамдан соо адамга аба аркылуу тарашы мүмкүн.

Инкубациялык мезгили өтө кыска — бир нече сааттан үч күнгө чейин.

Оору күтүүсүздөн башталып, анын белгилери өтө тез күчөйт:

Дене табынын кескин көтөрүлүшү: температура 39–40 градуска чейин жетип, катуу калтыроо, алсыздык, баштын жана булчуңдардын катуу оорушу пайда болот.

Организмдин катуу уулануусу: адам кусуп, жүрөгү тез согот (тахикардия), айрым учурларда делирий жана аң-сезимдин бузулушу байкалат. Боор менен көк боор чоңоюшу мүмкүн.

Өпкөнүн жабыркашы: катуу демигүү, абанын жетишсиздиги, дем алган сайын көкүрөктүн сайгылашып оорушу жана курамында ачык кызыл кан болгон көбүктүү какырык менен коштолгон катуу жөтөл пайда болот.

Оору ушунчалык тез өнүккөндүктөн, атайын антибиотиктер менен дарылоо өз убагында башталбаса, өпкө чумасы өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан алгачкы белгилер пайда болгондо дароо медициналык жардам алуу өтө маанилүү.

Инфекциянын тез таралуу коркунучуна байланыштуу Иркутскидеги дарыгерлер оорулуу адамдан башкаларга жугушун алдын алуу үчүн катуу коопсуздук чараларын көрүшкөн.

Бул окуяга чейин Россияда адамдын чума менен оорушунун акыркы катталган учуру 2016-жылга туура келген. Ошол жылы Алтай Республикасында суурдун өлүгүн союуга жардам берип жаткан он жаштагы бала ооруну жуктуруп алган. Инфекция анын терисиндеги жаракат аркылуу организмине кирген. Бирок өз убагында дарылоонун аркасында бала аман калган.

ӨЗБЕКСТАНГА ТААСИРИ: ЧЕК АРАЛАРДА КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨТҮЛДҮ

Иркутскиде өпкө чумасынын чыгышы мүмкүн деген кабар Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик органдарын шашылыш чара көрүүгө түрткөн. Өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылык комитети бардык кызматтарды күчөтүлгөн даярдык режимине өткөргөн.

Өлүмгө алып келүүчү инфекциянын өлкөгө кирүү коркунучун жокко чыгаруу максатында бардык чек ара өткөрмө пункттарында жана эл аралык аэропорттордо санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлгөн. Өлкөгө келген ар бир жүргүнчү медициналык текшерүүдөн өткөрүлө баштаган.

Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык комитети Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу кырдаалга күнү-түнү мониторинг жүргүзүп жатат.

Эпидемиологдор Өзбекстанга учуп келген жарандардын арасында каза болгон лаборант менен байланышта болгондор бар-жогун аныктоо үчүн авиабилеттерди жана жүрүү маршруттарын кайрадан текшеришүүдө.

Расмий билдирүүлөрдө мекеме азырынча «чума» деген сөздү ачык колдонуудан этият болуп жатканы менен, көрүлүп жаткан коопсуздук чаралары болуп көрбөгөндөй катуу экени айтылууда.

Ошол эле учурда бийлик Өзбекстандын жарандарын сабырдуулукту сактоого, текшерилген маалыматтарга гана ишенүүгө жана социалдык тармактарда дүрбөлөң жаратпоого расмий чакырууда.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө Өзбекстанда дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин түшүнүү маанилүү. Маалыматта өлкөдө чума оорусунун акыркы учуру 1996-жылы катталганы айтылат.

Иркутскиде жана чек араларда көрүлүп жаткан катуу чаралар жаңы эпидемия башталганын билдирбейт. Алар — жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган коргонуу тосмосу.

Ошентсе да, эң маанилүү эрежени эсиңизден чыгарбаңыз: кандай гана оорунун белгилери байкалбасын, дароо дарыгерге кайрылыңыз жана эч качан өз алдынча дарыланбаңыз.

Булак: kun.uz

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Өзбекстанчумаэпидемия
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Өзбекстан менен Омандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

Өзбекстан менен Омандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү пландалууда

18.11.2026
Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

14.11.2026
Өзбекстан менен Япониянын Ямагата префектурасы жумушка орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

Өзбекстан менен Япониянын Ямагата префектурасы жумушка орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

23.10.2026
Конгодогу Эбола эпидемиясы дагы төрт өлкөгө жайылды

Конгодогу Эбола эпидемиясы дагы төрт өлкөгө жайылды

22.10.2026
Өзбекстандыктар эң көп чыккан чет өлкө – Кыргызстан

Өзбекстандыктар эң көп чыккан чет өлкө – Кыргызстан

21.10.2026
Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусун жуктургандардын саны 8 978ге жетти

Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусун жуктургандардын саны 8 978ге жетти

13.10.2026
Өзбекстанда чумага байланыштуу тынчсызданууга негиз жок — Санэпидкомитет

Өзбекстанда чумага байланыштуу тынчсызданууга негиз жок — Санэпидкомитет

08.10.2026
С. Мирзиёева педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады

С. Мирзиёева педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады

28.09.2026

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.