Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди.
Жыйында күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы учурдагы абал, анын ичинде бензиндин коруктары, жеткирүү көлөмдөрү, баа саясаты жана ички рынокту туруктуу камсыздоо маселелери талкууланды.
Буга чейин белгиленгендей, мунай продуктуларын жеткирүүчү компанияларга мамлекеттик субсидияларды берүү боюнча иштер уланууда. Тактап айтканда, келишимдерге жараша бензинге субсидиянын өлчөмү АИ-92 үлгүсүндөгү литрине — 17,16 сомдон 30,88 сомго чейин, дизелдик отунга — 13,06 сомдон 42,27 сомго чейин, ал эми суюлтулган газга — 46 тыйындан 1,40 сомго чейинки сумманы түзөт.
Жыйындан соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыздоону уюштуруу, жеткирүү көлөмдөрүнө жана коруктарга көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле тартыштыктын алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.
Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин Өкмөт күйүүчү майдын баасын субсидиялоону 2026-жылдын 31-декабрына чейин улантарын жарыялаган.
Бул тууралуу Министрлер Кабинети 2026-жылдын 26-августунда тиешелүү токтом кабыл алып, мурда белгиленген мөөнөттү узарткан.
Маанилүү жагдай: 31-декабрь — азыркы токтом боюнча субсидиялоонун белгиленген мөөнөтү. Бул күйүүчү майдын баасы сөзсүз ошол күнгө чейин өзгөрбөйт дегенди билдирбейт. Өкмөт кырдаалга жараша субсидиялоо механизмин кайра узартышы же өзгөртүшү мүмкүн.
Демек, азырынча жыл аягына чейин бензиндин баасын кармап турууга багытталган мамлекеттик колдоо каралган. Бирок 2027-жылга карата чечим азырынча жарыялана элек.
Кыргызстан күйүүчү майды 95% Россиядан сатып алат. Бирок бул өлкөдөгү мунай заводдоруна Украина тараптан дрон чабуулдары жасала баштагандан тартып, күйүүчү май үчүнчү өлкөлөрдөн, учурда Кытайдан ташылып келүүдө.
Маалымат:
2026-жылдын 11-сентябрына карата Кыргызстандын аймактарында социалдык мааниге ээ күйүүчү майдын төмөнкү баалары колдонулууда:
- Бишкек шаары: АИ-92 — 87,90 сом/литр, дизель майы — 99,90 сом, автогаз — 48,80 сом.
- Ош шаары: АИ-92 — 90,40 сом, дизель майы — 102,40 сом, автогаз — 50,60 сом.
- Баткен облусу: АИ-92 — 91,40 сом, дизель майы — 103,40 сом, автогаз — 50,80 сом.
















