Иран Исфахан провинциясында кубаттуулугу 5000 мегаватт болгон күн электр станциясынын курулушун баштоону пландоодо. Долбоор ишке ашса, ал дүйнөдөгү эң ири күн электр станцияларынын катарына кирип, өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгын камсыздоого олуттуу салым кошот.
Учурда дүйнөдөгү эң ири күн электр станциялары Индия менен Кытайда жайгашкан. Иран болсо Исфахандагы 5000 МВттык станцияны ишке киргизүү менен бул көрсөткүч боюнча алдыга чыгууну көздөп жатат.
Fars агенттигинин маалыматына караганда, Исфахан провинциясынын администрациясынын энергетика бөлүмүнүн жетекчиси Ибрахим Карими 5000 МВттык күн электр станциясынын курулушуна жакын арада старт берилерин билдирди.
Долбоор толук ишке кирсе, ай сайын Иран калкынын болжол менен 10 пайызына керектүү көлөмдө электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Исфахан провинциясынын губернатору бул объектти «дүйнөдөгү эң ири күн электр станциясы» болорун билдирди.
Долбоорго жеке сектор тарабынан 2,8 миллиард доллар инвестиция салынат. Станция Исфахан провинциясынын Кухпайе аймагындагы 6000 гектар жерге курулуп, долбоор үч бөлүктөн турат: эки бөлүгү 2000 мегаватттан, дагы бир бөлүгү 1000 мегаватт кубаттуулукта болот.















