Иракта Украинанын кызыкчылыгы үчүн иштеген согушкерлер кармалды.
Бул тууралуу 27-июлда Ирактын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Касем аль-Абуди Dijlah телеканалынын эфиринде билдиргенин Fars News агенттиги жазды.
“Чалгындоо маалыматтарын талдаган биздин чалгындоо топторубуздун бири Ирактын ишине Украинанын кийлигишүүсү бар деген жыйынтыкка келди. Биз Ирактын аймагындагы бир катар объектилерди аткылаган бир нече топту кармадык”, — деди ал.
Анын айтымында, тергөө маалында алар Украинанын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышканын моюнга алышкан.
Аткаминер кармалгандардын так санын, алардын жарандыгын жана чабуул коюлган объекттердин тизмесин ачыктаган жок.
Аль-Абудинин айтымында, аткылоо окуяларын иликтөө абдан кылдат мамилени талап кылат.
Аткаминедин айтымында, бул согушкерлер кол салууларды жасап, жоопкерчиликти жергиликтүү каршылык көрсөтүүчү топторго оодарып келишкен.
Украинанын Каспий деңизиндеги Иран кемесине жасаган соккусу
Ирактагы кармоолор Украинанын Жакынкы Чыгыштагы активдүүлүгүнүн күчөшүнүн фонунда болду. 25-июлда украин күчтөрү Каспий деңизинде ирандык соода кемесине сокку урган. Иран тараптын ырастоосу боюнча кол салуудан бир моряк каза болуп, экинчиси жаракат алган. Тегеран бул окуяны “агрессия актысы” жана БУУнун Уставын бузуу катары айыптап, жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырды.
Киев Иран менен байланышкан россиялык аскердик техниканын маршруттарын бутага алып жатканын айтса, президент Владимир Зеленский Москва Иранга Жакынкы Чыгыштагы АКШнын буталарына сокку уруу үчүн спутниктик маалыматтарды берип жатканын айтууда.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги ошондой эле министр Аббас Аракчи Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кажа Каллас менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө ирандык кемеге кол салууну айыптап, БУУнун Коопсуздук Кеңешинен, Европа Биримдигинен жана эл аралык коомчулуктан жооп кайтарууну талап кылганын билдирди.



















