Алдын ала маалыматка ылайык, Ирандын 1405-жылкы календары боюнча (2026-жылдын март айында башталган) өлкөдө буудай өндүрүшү болжол менен 13,5 миллион тоннага жетет.
Tasnim маалымат агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, айыл чарба министринин орун басары Мажид Анжафи өлкөнүн жалпы айыл чарба продукциясынын 75 пайызы өсүмдүк өстүрүү тармагына туура келерин айтты. Өсүмдүк өстүрүүнүн учурдагы абалы боюнча акыркы баяндамада климаттык кыйынчылыктарга жана энергетикалык тең салмаксыздыкка карабастан тармактын жетишкендиктери белгиленген.
Айыл чарба министринин өсүмдүк өстүрүү боюнча орун басарынын айтымында, ички ресурстарга таянуу бул тармакка экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдүн таасирин минималдаштырууга мүмкүндүк берди.
Ал ошондой эле учурдагы пландарга ылайык, 1405-жылы буудай өндүрүшү болжол менен 13,5 миллион тоннага жетерин, анын ичинен 10 миллион тоннасын мамлекеттин сатып алуу борборлоруна өткөрүп берүү мүмкүн экенин билдирди.
Ушуга байланыштуу буудай өстүргөн дыйкандар үчүн мамлекеттик колдоо баалары жана кошумча сый акылар белгиленген. Өкмөт компенсацияларды өз убагында төлөө үчүн зарыл болгон каржы каражаттарын камсыздоону артыкчылыктуу багыт катары карап жатат. Ошондой эле быйыл арпа өндүрүшү өткөн жылга салыштырмалуу 1 миллион тоннага көбөйөрү күтүлүүдө.
Мажид Анжафи белгилегендей, негизги программалардын бири — жаан суусу менен гана иштетилген (кайрак) айдоо жерлерин өнүктүрүү боюнча беш жылдык планды ишке ашыруу. Бул пландын бешинчи жылындагы максат — жер астындагы же жер үстүндөгү сууларды пайдаланбастан 6 миллион тонна буудай өндүрүү. Натыйжада кайрак жерлерде өндүрүлгөн буудайдын үлүшүн азыркы 10 пайыздан 40 пайызга чейин көбөйтүү көздөлүүдө.
Мындан тышкары, планда 600 миң тонна май өсүмдүктөрүн өндүрүү жана мал азыгын өндүрүү кубаттуулугун 1 миллион тоннага чейин көбөйтүү каралган.
Өсүмдүк өстүрүү боюнча министрдин орун басары жаңы жылда айыл чарба өндүрүшүнө керектүү материалдарды камсыздоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлүп жатканын да билдирди. Анын айтымында, эл аралык чектөөлөргө карабастан, санкциялар айыл чарба үчүн керектүү каражаттарды өлкөгө алып келүүгө олуттуу тоскоолдук жараткан жок.
Ошол эле учурда дыйкандарга керектүү карбамид (мочевина) жергиликтүү өндүрүштүн эсебинен камсыздалууда. Ал эми фосфор жана калий жер семирткичтери ар түрдүү өлкөлөрдөн импорттолуп жаткандыктан, алдыдагы себүү мезгили үчүн жер семирткичтердин жетишсиздиги күтүлбөйт.















