Ош шаарындагы базарда орун алган окуя коомчулуктун олуттуу көңүлүн бурду. Бир караганда бул жөн гана тиричилик жаңжалы катары көрүнүшү мүмкүн. Бирок окуянын маңызына тереңирээк көз чаптырсак, ал айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн өз эмгегинин үзүрүн эркин сатуу укугу жана ички рыноктун адилеттүү иштеши менен байланышкан олуттуу маселелерди көтөрүп чыгат.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жаңжалдын борборунда өз колу менен түшүм өстүрүп, аны түздөн-түз сатып өткөрүү үчүн базарга келген дыйкан турган. Эгер бул жагдай расмий текшерүүнүн жыйынтыгында тастыкталса, анда сөз жөн гана бир адамдын укугунун бузулушу жөнүндө эмес, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселеси жөнүндө болуп жатат.
Эгерде жаңжал айыл чарба продукциясын өзү өндүрбөстөн, аны кайра сатып өткөрүү менен гана алектенген ортомчулардын каршылыгынан келип чыкканы аныкталса, бул рыноктогу атаандаштык мамилелерине олуттуу баа берүүнү талап кылат. Албетте, мыйзам чегинде иш алып барган ар бир жаран ишкердик жүргүзүүгө укуктуу. Бирок эч ким өзүнүн коммерциялык кызыкчылыгын коргоо үчүн өндүрүүчүгө басым көрсөтүүгө, анын эмгек кылуу жана өз продукциясын сатуу укугун чектөөгө акысы жок.
Дыйканды коргоо – бул жөн гана бир адамды коргоо эмес ( базарда бир орун болуп берүү эмес). Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун, айыл жергесинин өнүгүшүн, адилеттүү экономиканы жана эмгек адамын урматтоону коргоо дегенди билдирет. Коом да, мамлекет да ушул принциптен тайбашы керек. Анткени эмгек менен өндүргөн адам ар дайым мыйзамдын жана мамлекеттин ишенимдүү коргоосунда болушу зарыл.
Токон Мамытов,
коомдук ишмер
(макала автордун ФБдагы барагынан алынды)




















