Дүйнөлүк рынокто мунайга баанын кескин көтөрүлүшү Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташына түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Бул өсүш Жакынкы Чыгыштагы соңку геосаясий чыңалуудан, тагыраагы Ормуз кысыгынын айланасындагы кырдаалдан улам келип чыгууда.
Эксперттердин айтымына караганда, соңку геосаясий чыңалуунун таасири мунай баасына чоң таасир этип жаткандыктан, АИ-92 бензининин орточо баасы бир литрине болжол менен 1,46 АКШ долларды түзөт. Эл аралык дүң баада АИ-92 бензининин бир тоннасынын баасы орто эсеп менен 950 – 1000 АКШ долларынын тегерегинде сатылууда.
Кыргызстан мунайзаттарын 90%дан ашык көлөмдө Россиядан импорттойт. Мындан улам Бишкекте жана аймактарда АИ-92, АИ-95 бензининин жана дизелдик отундун баасы этап-этабы менен жогорулоодо. Бирок кыргыз өкмөтү баалардын кескин көтөрүлүп кетишине жол бербөө максатында мунай ташуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бааны кармап туруу аракеттерин көрүп жатат.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Биринчи радионун” түз эфиринде өлкөдө күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлүп кетпеши үчүн, аны эки жумада бир жолу 1 сомдон акырындык менен жогорулатуу пландалып жатканын маалымдаган.
Мындан улам Кыргызстандын Нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатовго бензиндин баасы канча сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн жана туруктуу кармап турса болобу деген суроолор менен кайрылып, жооп алдык.
“Дүйнө жүзү боюнча мунай затка болгон баалар кымбаттап жатат”
– Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майлар рыногу толугу менен импорттон көз каранды. Баалар дагы ага жараша көтөрүлөт. Бирок буга карабай бүгүнкү күнү биз өз наркынан арзан баада кармап турабыз.
Эгерде Россия Федерациясынан сатып алган бензиндин алдын ала төлөнгөн салыктарды жана акциздерди жана жол кире акысын кошкондо Кыргызстан ичинде АИ 92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 81 сом болушу керек. Ошондой эле Данияр Амангелдиев айткандай, жумасына бир, эки жолу кымбаттап, бүгүнкү турган чекене баадан дагы эки, үч сомго баа жогору болушу керек”.
2026-жылдын май айындагы маалыматтар боюнча, дүйнөлүк рынокто бензиндин, анын ичинде АИ-92нин орточо баасы бир литрине болжол менен 1,46 АКШ долларды түзөт. Эл аралык дүң рынокто АИ-92 бензининин бир тоннасынын баасы орто эсеп менен 950 – 1000 АКШ долларынын тегерегинде сатылууда.
20 – майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков дагы күйүүчү майлардын кымбатташы жана анын азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасири тууралуу маселе көтөрдү.

Эл өкүлү күйүүчү майдын кымбатташы түз эле күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасынын өсүшүнө алып келерин баса белгилеп, өлкө кризистик абалда туңгуюкка кептелбеши үчүн эң керектөөчү негизги азыктар – нан, картошка, жумуртка, сүт азыктары менен өзүн-өзү толук камсыздоо деңгээлине чыгышы зарыл экенин айтты.
“Дүйнөдө орун алып жаткан процесстер, олку – солку кырдаалдар Кыргызстанга дагы түздөн-түз таасирин тийгизип жатат. Себеби күйүүчү, майлоочу заттардын баалары 100 сомго жетип калды. Эгер күйүүчү майлардын баасы мындан ары да кымбаттаса, кескин түрдө башка товарлардын дагы баасы жогорулап, мунун таасири азык-түлүктөрдүн баасынын жогорулашына алып келип жатат. Өткөн жумада Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев дагы жакын арада баалар көтөрүлөт деген божомолдуу маек берди. Мен айткан сөздү ал дагы айтып жатат. Эгерде муну биз жон терибиз менен билип, сезип жаткан болсок, анда алдын алуу үчүн кандай иштер алып барылып жатат? ”, – деп депутат жыйынга катышкан өкмөт мүчөлөрүнө суроо узатты.
Эл өкүлү Кыргызстан күйүүчү майларга сырткы өнөктөштөрдөн көз каранды болгондугуна карабай аткаруу бийлиги өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, туруктуу кармап туруу түздөн-түз милдети экендигин билдирип, ыкчам чараларды көрүүгө чакырды.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева




















