АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын байытылган уранын уурдоо операциясы ишке ашпай калганын моюнга алды. Бул тууралуу ирандык Irib News агенттиги жазды.
Анын айтымында, ядролук материалдарды көчүрүү үчүн жаңжал жүрүп жаткан аймакта бир же эки жумага чейин болуу талап кылынмак. Ошондуктан АКШ ал планды ишке ашырган жок.
Ал бул операцияны жеңил аткарууга мүмкүн болбогонун белгилеп, Иранды Венесуэлага салыштырууга болбой турганын айтты.
«Биз бул тууралуу ойлондук, бирок мен ал жакка барууга аргасыз болгон абалда калгым келген жок. Ал жер кирип барып, бир нече мүнөттөн кийин чыгып кетип, кайтып учуп бара жатканда бизге кол булгалап коштошкондой Венесуэла эмес», – деди Трамп.
Ошондой эле Трамп бул жагдайды АКШнын мурдагы президенти Жимми Картердин мезгилиндеги барымтадагыларды куткаруу боюнча ийгиликсиз аяктаган аскердик операция менен салыштырды.
1980-жылы АКШ Иранда атайын операция аркылуу барымтадагыларды бошотууга аракет кылып, анысы ийгиликсиз болгон. Бороонго кабылган тик учактардын бири кыйроого учурап, өрттөн сегиз аскер кызматкери каза тапкан.
Эске салсак, апрель айынын башында Иран бийлиги АКШ Исфахан провинциясында атып түшүрүлгөн F-15 согуштук учагынын учкучтарын куткаруу операциясынын шылтоосу менен байытылган уранды уурдоого аракет кылышканын билдирген. Бирок Америка тараптын Ирандын борбордук аймагындагы операциясы “катастрофалык ийгиликсиздик” менен аяктаган.
Анын жыйынтыгында Исфахандын түштүгүндө америкалык эки Black Hawk тик учагы жана бир C-130 аскердик-транспорттук учагы кыйратылып, өрттөнүп кеткен.














