Иран президенти Масуд Пезешкиан АКШнын деңиз блокадасынын фонунда америкалык тараптын милдеттенмелерди бузуусу, блокада жана коркутуулары сүйлөшүүлөргө негизги тоскоолдук болуп жатканын билдирди.
«Ислам Республикасы диалогду кубаттаган. Милдеттенмелерди бузуу, блокада жана коркутуулар чыныгы сүйлөшүүлөргө негизги тоскоол болуп жатат. Дүйнө силердин чексиз эки жүздүү риторикаңарды жана сөз менен иштин ортосундагы карама-каршылыкты көрүп турат», — деп айтылат Пезешкиандын X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
Эске салсак, Вашингтон менен Тегеран 8-апрелде ок атышууну эки жумага токтотуу тууралуу макулдашкан. Андан кийин тараптардын Исламабад шаарында өткөн сүйлөшүүлөрү жыйынтыксыз аяктаган. АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен ок атышпоо келишими бүтөрүнө бир күн калганда, атышпоо режимин белгисиз мөөнөткө узартканын билдирди. Буга чейин Ирандын расмий өкүлдөрү Исламабадда АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышуу ниети жок экенин билдиришкен.
Азыр ортомчулар сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын уюштурууга аракет кылып жатышат.



















