Кувейтте Ирандын жооп иретиндеги соккусунан улам 15 америкалык аскер кызматкери жаракат алды. Маалыматтарга караганда, Вашингтон бул жоготуулардын масштабын азайтып көрсөтүүгө аракет кылууда.
Дүйшөмбү күнү CBS News эки америкалык аткаминерге шилтеме берип, соккунун максаты Али аль-Салем авиабазасы болгонун билдирди. Бул база Батыш Азиядагы АКШ операциялары үчүн маанилүү объект болуп саналат.
Ошол эле күнү Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) «Чыныгы убада- 4» операциясынын 98-толкуну өткөрүлгөнүн жарыялады. Анын алкагында ракета жана учкучсуз аппараттар аркылуу авиабазада жайгашкан бир нече аскердик учактарга сокку урулганы айтылды.
Бул жооп операциясы 28-февралда АКШ жана Израиль тарабынан Иранга каршы башталган агрессиядан кийин дароо башталган.
Операциянын жүрүшүндө аймактагы америкалык базаларга жана объекттерге, ошондой эле оккупацияланган аймактардагы маанилүү стратегиялык максаттарга олуттуу соккулар жасалганы белгиленет. Ирандын куралдуу күчтөрү каршы чабуул «душмандын толук талкаланышына» чейин улантыларын билдирди.
Жума күнү The Intercept ирандык соккулардан улам жүздөгөн америкалык аскер кызматкерлери өлгөн же жаракат алганын жазды. Ошол эле учурда АКШнын Коргоо министрлиги бул жоготууларды азайтып көрсөтүп жатканын белгилеген.
Басылма мисал катары АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Сауд Арабиясындагы авиабазага жасалган ирандык соккудан кеминде 15 аскер жаракат алганын жашырганын келтирген.
Маалыматта расмий өкүлдүн сөзү келтирилип, америкалык-израилдик агрессия башталгандан бери «АКШнын 303 аскер кызматкери жаракат алганы» айтылат. Ошондой эле Коргоо министрлигинин өкүлү Борбордук командачылык «жоготууларды жашырууга аракет кылып жаткан болушу мүмкүн»,- деп белгилеген.

















