Социалдык тармактардагы балдар контенти популярдуулукка ээ болуп жаткан учурда адистер эскертет: бул баланын психикасына таасир эткен кооптуу процесс. Айрым өлкөлөрдө мындай ишмердүүлүк мыйзам менен чектелген.
Акыркы жылдары маркетинг максатында колдонулган балдар контентинин саны кескин көбөйдү. Балдар блог жүргүзүп, видеолорго тартылып, чоңдордун образдарын өзүнө алып жатышат. Адистер муну зыянсыз көңүл ачуу катары кабыл алуу кооптуу экенин белгилешет.
Балдар психологу Сайёра Азларова мындай мисал келтирет:
«Home Alone тасмасында Кевиндин ролун аткарган актёр 18 жаштан кийин бала кездеги образынан узак убакыт арылалган эмес. Анын көңүл борборунда дайыма болууга болгон нарциссисттик муктаждыгы калыптанган. Ал көп жылдарын психиатриялык клиникаларда өткөргөн. Ушундай эле таасир балдар-блогерлерде да болушу мүмкүн. Ата-энелер муну эске алышы керек».
Психологдордун пикиринде, бул көрүнүш баланын келечектеги инсандык өнүгүүсүнө терс таасир тийгизет. Айрым өлкөлөрдө балдарды маркетинг максатында пайдалануу катуу чектелген же тыюу салынган.
Эксперт Розалия Габдулхакова белгилегендей, Кытайда мындай ишмердүүлүк тыюу салынган. Францияда балдардын тапкан каражаттары корголот — жашы жете элек блогерлер үчүн атайын “тоңдурулган” эсеп ачылып, кирешенин бир бөлүгү ошол жакка түшөт. АКШда мурда балдар-актёрлор үчүн кабыл алынган мыйзамдар эми балдар-блогерлерге да колдонулуп баштады.
Адистердин айтымында, Өзбекстан да бул багыттагы мыйзамдарды өркүндөтүп, тармактык эксперттерди тартуусу зарыл.
Балдар контенти тууралуу подкасттын толук версиясын Kun.uz YouTube-каналынан көрүүгө болот.
Булак: Kun.uz


















