V көчмөндөр оюндары 8-13 -сентябрьда Астана шаарында өтөт. Мелдештерге 85 өлкөдөн 21 спорттун түрү боюнча 2000ден ашык спортчу катышары болжолдонууда. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары билдирип, Казакстандын спорт жана туризим министрлиги дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын видео ролигин жарыялады.
Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын маалыматына караганда, турнирде көк бөрү жана жер улак боюнча мелдештер өтөт. Анда бир улакчы спорттун эки түрүнө тең катыша алат. Жалпы 18 улакчы барат. Ошондой эле окуу-машыгуу учурунда өзүн мыкты көрсөткөн алты оюнчу спорттун эки түрүнө тең катыша алары белгиленген.
Азыр Кыргызсттандын улуттук курама командасы Ысык-Көлдө машыгуусун улантууда. Сентябрдын башында алар саяпкерлер, машыктыруучулар жана жетекчилердин коштоосунда Астанага барары күтүлүүдө.
Ал эми 1-август күнү Ош шаарынын 77 жаштагы Мамыт Таштанов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн велосипед менен Астанага чыккандыгын Ош шаардык мэриясынан кабарлаган. Аны Ош облусунун жана шаарынын бийлик өкүлдөрү атайын азем уюштуруп узатып, мэрия тарабынан акчалай жардам көрсөтүп узатышкан.
Маалыматка караганда Мамыт Таштанов жалпы 2 016 чакырым жолду түрк тилдүү элдердин достугун бекемдөө максатында басып өтөт. Ал буга чейин 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да велосипед менен барган.
Бул көчмөндөр оюндары этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдештин 5-жолкусу. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары адам цивилизациянын мурасы катарында жана этно-маданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталган.
Көчмөндөр оюндарына көчмөндөр цивилизациясынын мураскерлери – эли жашаган өлкөлөр катыша алышат. Бирок 2016-жылдан кийин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү кызыгуусун билдирип, кийинки мелдештерге дүйнөнүн ар тарабынан, анын ичинде көчмөн болбогон мамлекеттердин командаларынын катышуусуна да уруксат берилген. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң ири улуттук спорттук мелдеш.
Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – ЭТНИКАЛЫК СПОРТ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СПОРТ МЕЛДЕШТЕРИ.
МЕЛДЕШТЕР ТАРЫХЫй КӨЧМӨН ЭЛДЕРДИН ЭЛДИК ОЮНДАРЫНЫН НЕГИЗИНДЕ БОЛОТ. АДАМ ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫНЫН МУРАСЫ КАТЫНДА ЭТНОСПОРТТУ ЖАНА ЭТНОМАДАНИЯТТУУ КЫЙМЫЛДЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.




















