Ислам Республикасынын Жогорку Улуттук коопсуздук кеңешинин жаңы катчысы болуп Мохаммад Багер Зольгадр дайындалды.
Бул тууралуу президенттик администрациянын коммуникация бөлүмүнүн башчысы Мохаммад Мехди Табатабаи билдиргенин Tasnim News агенттиги кабарлады.
“Ислам революциясынын Жогорку лидеринин макулдугу менен жана президенттин жарлыгы менен Мохаммад Багер Зольгадр Жогорку Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды”, – деп жазган Табатабаи X баракчасында.
Улуттук коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Али Ларижани 17-мартта АКШ менен Израилдин Иранга каршы жасаган чабуулунда каза болгон.















