Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Франциянын президенти Эммануэль Макронду Израиль менен АКШнын Иранга каршы аракеттерине карата унчукпай, реакция жасабаганы үчүн сынга алды.
Аракчи Х соцтармактагы баракчасына Макрондун Иран тарабынан Жакынкы Чыгыштагы энергетикалык объектилерге сокку урулгандан кийин Х баракчасына билдирүү калтырган постун бөлүшкөн.
Иран ТИМ башчысынын айтымында, Макрон Израиль тарабынан Тегерандагы күйүүчү май сактоочу жайлар жардырылып, миллиондогон адамдар уулуу заттардын коркунучуна кабылган учурда бул боюнча бир да сөз айткан эмес. Ошондой эле француз президентинин азыркы “тынчсыздануусу” Израилдин Ирандагы газ объектилерине сокку урганынан кийин эмес, Ирандын жооп иретиндеги аракеттеринен кийин гана билдирилгени белгиленди. Аракчи мындай мамилени “өкүнүчтүү” деп атады.

Макрон X социалдык тармагындагы баракчасында АКШ президенти Дональд Трамп жана Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен сүйлөшкөнүн билдирген. Бул сүйлөшүү Ирандын Катардагы газ инфраструктурасына жасаган соккусунан кийин болгон.
Макрон өз билдирүүсүндө бардык тараптардын кызыкчылыгы үчүн жарандык инфраструктурага, айрыкча энергетика жана суу объектилерине сокку урууну токтоосуз токтотуу керектигин белгилеп, мындай аракеттерге мораторий киргизүүгө чакырган.
18-мартта Израиль Ирандагы “Түштүк Парс” газ кенине сокку урган. Иран бийлиги жооп иретинде 19-мартка караган түнү Катар, Сауд Арабиясы жана БАЭдеги энергетикалык объектилерге сокку урду.

















