Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анда тараптар АКШ жана Израилдин Иранга жасаган чабуулдарын жана аймактык коопсуздукту талкуулашты.
Иран ТИМинин билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө АКШ жана Израилдин акыркы чабуулдарына баа берилип, алардын аймактык коопсуздукка тийгизген таасирлери талкууланган.
Лавров Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи жана жогорку кызматкерлер менен жарандардын каза болушуна байланыштуу көңүл айтып, кайгыруу билдирди.
Россиянын тышкы саясат министри АКШ жана Израилдин Иранга каршы жүргүзгөн операциялары, Москванын пикиринче, эл аралык укукка каршы келерин жана аймактык жана глобалдык туруктуулукка олуттуу кесепеттерин тийгизиши мүмкүн экенин белгиледи.
Ал ошондой эле кырдаалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чакырып, Россия тиешелүү аракеттерди колдоого даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ жана Израилдин чабуулдарына байланыштуу акыркы окуялар, анын ичинде турак жайлар, мектептер, мечиттер, оорукана жана гуманитардык жардам борборлоруна жасалган соккулар жөнүндө Россиялык кесиптешин кабардар кылды.


















