Ирандын аба мейкиндиги Израилдин чабуулдарынан улам кийинки билдирүүгө чейин жабылды, деп билдирди Ирандын аба транспорту уюмунун өкүлү Мажид Ахаван.
Израилдин Коргоо министрлиги Израил Иранга каршы “алдын алуучу” сокку уруп, өзгөчө кырдаал жарыялаганын билдирди.
“Өлкөдөгү бардык аба мейкиндиги кийинки билдирүүгө чейин жабылды”, – деп билдирди Мехр агенттиги Мажид Ахавандын сөзүнө шилтеме жасап.
Ирандын маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, Тегеранда кеминде беш жарылуу болду.
Fars News агенттиги Израилдин ракеталары Данешгах проспектисине жана Жомхури районуна тийгенин билдирди.
ISNA агенттиги Пастур районунда да түтүн көтөрүлүп жатканын маалымдады.
Израилдик 12-канал коопсуздук өкүлүнө таянып, бул чабуул АКШ менен Израилдин биргелешкен чабуулу болгонун билдирди.
Израиль Иранга сокку ургандан кийин өзүнүн аба мейкиндигин жарандык каттамдар үчүн жапканын Times of Israel гезити Транспорт министрлигине шилтеме жасап билдирди.

















