Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

УКМКны кандай реформа күтөт? Президенттин жообу

  • Интервью
  • 21.02.2026 10:24

Loading

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча масштабдуу өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирди.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич? Бул жолу УКМКнын мамлекеттик институт катары орду туурасында сөз кылсак.

Бул тармакта же күч түзүмдөрүндө мурун-кийин жетекчилик кызматта иштеп кеткендер да, карапайым калк деле Союз маалында КГБда ким иштерин билчү эмес. Акыркы убакта атайын кызмат дарегине УКМКнын кызматкерлери каалаган жеринде кызматтык күбөлүгүн көтөрүп чаап, чекист деген атты булгап бүтүштү деген өңдүү сындар айтылууда. Коомчулуктун атайын кызматка карата мындай баалоолорунан кабарыңыз барбы?

Тема боюнча

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026

— Албетте, кабарым бар. Бул боюнча тээ мурдатан эле досума бир нече жолу эскертип келгем. “Досум УКМКнын кадыр-баркын көтөр. Мурдагы СССРдин КГБсындай баркы болуш керек. Антпесең эл арасында “УКМКнын кызматкеримин” деп күбөлүгүн “камокторго” да көрсөткөн учурлар бар. Ушундай сын-пикирлерден арылалы” деп бир топ жолу айткам.

— УКМКнын айрым кызматкерлери мыйзамдуулукту бузууга жана кылмыш жасоого тиешеси бар деген шек менен кармалып жатканын көрүп жатабыз. Бул аларга эбегейсиз бийлик берилгенден болуп кеткен эмеспи? Анткени атайын кызмат дээрлик бардык тармакта, айталы, курулуштагы мыйзам бузууларга деле, базардагы эт баасына деле, интимдик кызмат көрсөткөндөргө деле каршы күрөшүп калганын көрдүк да?

— Дал ушул “интимдик кызмат көрсөткөндөргө каршы күрөш” боюнча видео жарыялашкан күнү эле чакырып алып: “Досум, бул тармакты ИИМге бер, бул алардын иши. Сен УКМКнын деңгээлин түшүрбө” деп айттым эле.

Ал эми коррупцияга аралашкан кызматкерлер боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Алар боюнча маалымат берүүгө болбойт.

— Кечээ жакында УКМКнын курамына кирген Чек ара кызматы менен Күзөт кызматын алардан бөлүп салдыңыз. УКМКнын алдыдагы реформасы тууралуу кененирээк айтып берсеңиз. Кайсыл багыттарда иш алып барат? Экономикалык кылмыштар, коррупция менен күрөшүү милдети калабы же башка органга өткөрүлөбү?

— Алдыда күч түзүмдөрү боюнча чоң реформа турат. Мен бул реформаны мурда эле жасай баштайын деп пландагам. Бирок ар кандай себептер менен улам жылдырылып келген. Эми буюрса, жакында баштаймын.

УКМК өзүнө тиешелүү иштер: чалгындоо, контрчалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризм, экстремизм, бандитизм, баңгизаттарына каршы күрөш жана башка иштер менен алек болушат.

Ушул тармактар боюнча тергөө укуктары өздөрүндө калат. Экономикага киришпейт. УКМК эмне менен алек болуп жүргөнүн, ким анын кызматкери экенин эч ким билбеши керек.

Реформадан кийин мурдагы КГБдай накта атайын кызмат болот.

ИИМ дагы өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү милдеттер менен гана иш алып барат.
Тармагына тиешелүү тергөө укуктары өздөрүндө калат.

Албетте, тизме түзүлүп, кайсы укуктар кимге берилери мыйзам менен кабыл алынат.
Жаңы Тергөө комитети түзүлөт. Тергөөнүн баары аларга өтөт. Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасы болсо, баарынын үстүнөн мыйзамдуу иш алып барылып жатабы, ошону көзөмөлдөйт.
Эмне үчүн тергөө комитетин түзүп атасыңар десеңиз, биз келечекти жана түбөлүктүүлүктү ойлошубуз керек.

Бүгүнкү күндө кандай?

УКМКда да, ИИМде да экөөндө тең “ОРД” (ыкчам-иликтөө ишмердиги) жана тергөөчүлөр бар. Баарынын үстүнөн бир эле министр башкарат.

Мисалы, “оперативник” иш алып келет, иш адилетсиз дейли мисалы, бирөөнү “подстава” кылып эле камап жатат дейли.

Тергөөчүгө ишти өткөрүп бергенде тергөөчү “бул ишиң соттон өтпөйт” деп кабыл албай коёт. Анан тергөөчүнүн үстүнөн министр чалат дагы “кабыл алып, кылмыш ишин ач” деген буйрук берет.

Тергөөчү айласы жок, амалы жок кылмыш ишин ачат.

Ошентип азыркы учурда адилетсиз болуп жаткан фактылар жок эмес.

Ал эми Тергөө комитети болсо түздөн-түз президентке баш иет. “Оперативник” менен министр алып келген чийки иштерди кабыл албай коёт. Иш козгобойт.

Албетте, адилетсиздикке кабылып жаткан жарандарыбыз камалбайт. Дароо коё берилет. Мына ушундай кылганыбызда гана адам укуктары 100 пайыз болбосо дагы, 95 пайыз сакталат. Келечек муунга коопсуздук камсыздалат.

Экономикалык иштер деле ушундай болот. Эгер чындап кылмыш кылсаң камаласың, жалаа жабылып жаткан болсо бошотуласың. Эки башка орган бири-бирине баш ийбей, ортодо туура чечимдер чыгат.
Бул иштер келечекте жасала турган иштер. Имараттарын, техникалык базаларын даярдайбыз. Жарлык чыгат, тиешелүү мыйзамдар Жогорку Кеңешке киргизилет, анан талкуудан өтүп кабыл алынгандан кийин уюштуруу иштери башталат.

Быйыл бизде ШКУ саммити, Көчмөндөр оюну өтөт. Ошого байланыштуу реформаны ишке ашырууга эмдиги жылы киришебиз.

Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: КРнын УКМКС. Жапаровсот реформасы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14.09.2026
С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026
 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

24.07.2026
К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

16.07.2026
С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

12.06.2026
С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

05.06.2026
Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет элдик мигранттар текшерилди

Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет элдик мигранттар текшерилди

04.06.2026
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

04.06.2026
 С. Жапаров ЕАЭБ жыйынында ЖИнин мамлекетти башкаруудагы орду тууралуу айтты

 С. Жапаров ЕАЭБ жыйынында ЖИнин мамлекетти башкаруудагы орду тууралуу айтты

29.05.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.