Иранда товар жүгүртүүсү аз болгон дүкөндөрдүн жана базарлардын ээлеринин 90 пайызы үчүн салыктар жоюлду. Бул тууралуу Ирандын экономика жана каржы министри Сейед Али Маданизаде 13-январда Тегеранда Экономика жана каржы министрлиги уюштурган иш-чарада билдирди, деп маалымдайт Trend.
Ирандык министр өлкөдө колдонулуп жаткан укуктук-нормативдик базага ылайык, өкмөттүн салыктарды мындан ары төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин түшүндүрдү.
Ошол эле учурда ал Ирандын Салык кызматы менен кызматташуунун алкагында бир катар антикризистик чаралар иштелип чыкканын белгиледи. Алардын катарына салыктык жеңилдиктерди кеңейтүү жана натыйжалуу салык ставкасын төмөндөтүү кирет.
Мындан тышкары, министр жаңы каражаттарды бөлүштүрүү демилгесинин алкагында майда кол өнөрчүлөрдүн 98 пайызы үчүн салыктык милдеттенмелер 500 миллион риалдан (болжол менен 500 АКШ долларынан) аз суммага чейин кыскартылганын айтты.















