Кыргызстандын элчиси Акылбек Кылычев Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчиге ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн тапшырды.
Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, саясий диалогду бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык жараткан артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө өз ара берилгендигин ырасташты.
Элчи Акылбек Кылычев эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун жана ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү андан ары тереңдетүү жана байланыштарды активдештирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Ирандын тышкы иштер министри элчиге дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалап, эки тараптуу байланыштарды ырааттуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Акылбек Кылычев 12-ноябрда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Кыргызстандын Ирандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана курамына 10 өлкө кирген, башкы кеңсеси Тегеран шаарында жайгашкан Экономикалык кызматташтык уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалган.
Ал 1998-2014-жана 2021-2023-жылдары Кыргызстандын Ирандагы элчилигинде 1-катчы, кеңешчи жана элчинин милдетин аткаруучу кызматтарын аркалаган.















