Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи ливандык кесиптеши Юсеф Ражинин кайрылуусуна жооп кылып, Тегеран да эки тараптуу мамилелерде “жаңы баракты” ачууга умтулуп жатканын ырастады.
Ирандын тышкы иштер министри билдирүүсүн X социалдык тармагында жарыялады.
Ошол эле учурда ирандык министр Ливандын ТИМ башчысы Тегеранга келүү боюнча чакыруусун кабыл албай койгонуна таң калганын билдирди.
Аракчи бир туугандык жана толук дипломатиялык байланыштарды сактап турган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерине “бейтарап аймакта” жолугушуусунун зарылдыгы жок экенин баса белгиледи.
“Израилдин Ливанды оккупациялоосун жана ок атышпоо келишимин ачык бузуусун эске алып, мен урматтуу ливандык кесиптешим эмне үчүн Тегеранга барууга даяр эмес экенин толук түшүнөм. Ошондуктан мен анын Бейрутка баруу чакырыгын кубаныч менен кабыл алдым. Биз да эки тараптуу мамилелерде “жаңы барак” болушун каалайбыз”, – деди Аракчи.
Ал ошондой эле Иран Ливандын тышкы иштер министри мурда баса белгилеген принциптердин негизинде байланыштарды өнүктүрүүнү көздөрүн кошумчалады.
Буга чейин Ливандын тышкы иштер министрлиги Юсуф Ражи ирандык кесиптеши Аббас Аракчинин катына жооп кылып, учурдагы шарттарга байланыштуу Тегеранга келүү чакырыгын кабыл албаганы үчүн кечирим сураганын маалымдаган. Ливандын Тышкы иштер министри Ражи “жолугушууларды бейтарап үчүнчү өлкөдө өткөрүүнү” сунуштаган.
2024-жылдын ноябрында Израил армиясы менен ливандык “Хезболла” кыймылы согуштук аракеттерди токтотуп, ок атышууну токтотуу келишимине кол коюшкан. Ага ылайык Израилдин Коргоо Күчтөрү (ЦАХАЛ) акырындык менен Ливандан чыгып, түштүктөгү позицияларын Ливандын аскерлерине өткөрүп бериши керек. Бирок кийинчирээк тараптар бир нече жолу бири-бирин сокку урууларга айыпташкан. Израилдин аскерлери Ливандагы беш стратегиялык жерде да калышкан.















