Таиланд Камбоджа менен чек арадагы талаштуу аймактарга абадан сокку урду. Бул эки өлкө бири-бирин ок атышууну токтотуу келишимин бузду деп айыптагандан кийин болду.
Бул тууралуу Таиланддын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы генерал-майор Винтай Сувариге шилтеме берип Reuters агенттиги жарыялады.
Маалыматка караганда, чек арадагы кагылышууларда каза болгондор жана жаракат алгандар бар.
“Камбоджа аскерлери дүйшөмбү күнү эртең менен Убонратчатхани провинциясында Таиланддын армиясына ок чыгарган. Камбоджа Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы таиланддык күчтөр Преах Вихеар жана Оддар Меанчи чек ара провинцияларында Камбоджа аскерлерине кол салганын билдирди. Бирок, ал Камбоджа өч албаганын жана кырдаалды көзөмөлдөп жатканын ырастады”,-деп айтылат маалыматта.
Кommersant.ru басылмасынын жазгандай, өлкөдө олуттуу таасирге ээ болгон Камбоджанын мурдагы премьер-министри Хун Сен өлкөнүн куралдуу күчтөрүн сабырдуулукка чакырды.
Ал Таиланддын аракеттерин куралдуу агрессия жана провокация деп атаган.
“Жооп алуу чаралары үчүн кызыл сызык буга чейин эле белгиленген. Мен бардык деңгээлдеги командирлерди бардык офицерлерди жана жоокерлерди тийиштүү түрдө окутууга чакырам”, – деген мурдагы премьер-министр.
Таиланд армиясынын Экинчи аскердик аймагынын маалыматы боюнча, жергиликтүү тургундардын болжол менен 70% чек ара аймактарынан эвакуацияланган. Алардын 35 600ү убактылуу баш калкалоочу жайларда.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 26-октябрында Таиланд менен Камбоджанын премьер-министрлери Анутин Чанвиракун жана Хун Манет АКШнын президенти Дональд Трамптын катышуусунда Куала-Лумпурда өткөн Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) саммитинде “тынчтык келишимине” чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүнүн пайдубалын түптөөгө багытталган биргелешкен декларацияга кол коюшкан. Бирок 10-ноябрда Таиланддын премьер-министри Анутин Чанвиракун Куала-Лумпур тынчтык келишимдерин токтото турууну буйрук кылган.

Кошумчалай кетсек, чыр-чатак өлкөлөрдүн ортосундагы чек аранын француз колониялык доорунан бери чечилбей келе жаткан бөлүктөрүнөн келип чыккан. Атап айтканда, Прэахвихеа храмынын айланасындагы аймак талаштуу. Эки өлкөнүн чек арасындагы чыр-чатактын күчөшү ушул жылдын 24-июлунда Таиланддын аба күчтөрүнүн F-16 согуштук учактарынын Камбоджа аймагын бомбалоосунан кийин башталган.
БУУнун эл аралык соту 1962-жылы Прэахвихеа Камбоджага таандык деген чечим чыгарган, бирок талаштуу аймактардагы чек ара чырлары токтогон эмес.



















