Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Европа комиссиясы (ЕК) жана Европа парламенти (ЕП) ири коррупциялык жаңжалдарга кабылганын белгиледи.
Орбан X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө ЕБдеги коррупциялык чатактар боюнча үн катты.
Анын айтымында, ЕК жана ЕПди чуулгандуу окуялар солкулдатып жатканына карабастан, Брюссель дагы эле өзүнүн «адептик үстөмдүгүн» коргоп келет:
«ЕБ коррупцияга батып жатат. ЕБ Украинадагы коррупцияны айыпташы керек, бирок тарых кайра кайталанууда: Брюссель менен Киев көз карандылыкты моюнга алуунун ордуна бири-бирин коргоп жатат», — деди Орбан.
2-декабрда ЕБ Башкы прокуратурасы жаш дипломаттар үчүн ЕБ тарабынан каржыланган окуу программасын уюштурууга байланышкан тендердеги коррупция кылмышын иликтөөнүн алкагында, Европа колледжи менен ЕБ Тышкы аракет кызматынын (EEAS) имараттарында тинтүүлөр жүргүзүлгөнүн жана үч адам камакка алынганын кабарлаган.
Иликтөөгө жакын булактар маалымдагандай, кармалгандардын арасында — учурда Европа коллежинин ректору болуп иштеген, ЕБнин мурдагы тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини, ошондой эле EEASтин мурдагы башкы катчысы Стефано Саннино бар.
Могерини жана дагы эки адамга расмий айып коюлгандан кийин бошотулган.



















