Кыргызстан боюнча акыркы алты айдын аралыгында азык-түлүктүн, анын ичинде эттин баасы бир топ көтөрүлгөн.
Кымбатчылыктан улам жарандар тарабынан ар кандай пикирлер айтылып, социалдык тармактар аркылуу бийликке чейин кайрылуулар жолдонду. Ошондуктан бул жагдайды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өзү көзөмөлгө алып, мамлекеттик деңгээлде маселе көтөрдү.
УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана зарыл болгон товарлардын, анын ичинде эттин баасынын жасалма кымбатташына жол бербөөгө багытталган тиешелүү иш-чараларды жүргүздү. Буга Бишкек шаардык мэриясынын, Монополияга каршы кызматтын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда эт азыктарын саткан ири чекене соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жер-жерлерде көчмө жыйындар өттү.
УКМК ишкерлер тарабынан этке болгон бааны жасалма түрдө көтөрүү же талаптарга баш ийбеген учурлар аныкталса, мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылары тууралуу эскертүү да берилди.
Буга чейин үстүбүздөгү жылдын август айынан тартып министрлер кабинети эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибин киргизип, эттин 1 килограммы үчүн болгон баа 790 сомдон ашпашы керектигин белгилеген.
Эсиңиздерге сала кетсек, мындан бир жума мурун Экономика жана коммерция министрлиги да уй, кой эттеринин базардагы бааларын турукташтыруу, алып-сатарлык көрүнүштөрдүн алдын алуу, ошондой эле баанын мындан ары өсүшүнө жол бербөө максатында убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн 2025-жылдын 31-декабрына чейин узарткан.
Эттин чекене баасы 700 сом бекитилгендигине карабай, 900 сомго чейин чыккан
Август айында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек, Ош шаарларында жана облус, райондордо эттин баасын бекиткен.
Ага ылайык, борбордо 1 кг уйдун эти 680 сомдон, койдун эти 670 сом, Ош шаарында уй жана койдун эти 680 сом, ал эми аймактарда эт 620-690 сомдон ашпаш керек деп көрсөтүлгөн.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын жүргүзүлгөн иш чаралардын жүрүшүндө базарлардагы эттин баасын кыдырган.
“Өкмөт эттин баасынын жогорку чеги 700 сом деп белгилеген, бирок бул эч жерде аткарылбай жатат, эттин баасы 900 сомго жетти”, – деген УКМКнын башчысы.
Ал өзүнүн билдирүүсүндө базарларды кыдырган учурда өз көзү менен көргөнүн айтып, жергиликтүү бийлик органдарын бааларды катуу көзөмөлдөөгө чакырган. Ошол эле маалда бул тартипке баш ийбегендер же аткарбагандар жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.
Ташиев билдиргендей, эт дүңүнөн 450-500 сомго сатылат, бирок сатуучулар жана спекулянттар аны дээрлик эки эсе кымбат сатышат. Эгерде сатып алуу баасы 450-500 сом болсо, анда алар 50-100 сом кошо алышат.
Уран Чекирбаев, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы:
“Акыркы 2,3 күндө эттин баасы орточо 50, 70 сомго чейин түштү”
– Негизги 16 азык-түлүктүн баарларын туруктуу кармаш үчүн кыргыз өкмөтү менен биргеликте Айыл чарба министрлиги бир топ чараларды көрүп жатат. Биринчиден, өкмөт тарабынан эттин баасын стабилдүү кармаш үчүн малды чет өлкөгө экспорттоону токтотуу чечими чыккан. Экинчиден, ар бир райондорго социалдык точкаларды уюштуруп жатабыз. Акимчиликтер жана Монополияга каршы кызматтары менен биргеликте бир топ жыйындарды өткөрдүк. Акыркы 2,3 күндө эттин баасы орточо 50, 70 сомго чейин түштү.
Учурда фермерлер менен ортомчулардын ортосундагы чынжырча изилденип, кайсы жерде баанын көтөрүлүп жатканы боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүп жатат.
Манас Саматов, фермер, “Бай Багбан” ассоциациясынын төрагасы:
“Ортомчуларды оюндан чыгаруу үчүн конкреттүү технология бар”
– Кыргызстанда 98 % продукция үй-булөлүк фермердик чарбаларда өндүрүлөт. Анын ичинде малга тоют да бар. Негизи айыл жана мал чарбачылыгы бири-бирине шакекче сыяктуу байланышта. Ошондуктан чарба өндүрүшчүлөрү кардарлар менен тыгыз байланышта болуп, бул маселелерди ичинен чечсе болот.
Биз дагы эле советтик көз караш менен жашайт экенбиз. Тилекке каршы “мага этти арзандаттырып бериңиз” деп министрден баштап, президентке чейин доомат артып сүйлөйбүз.
Эгер арзан, сапаттуу эт жегиң келсе, анда мал багып оокат кыл. Анткени илгеркидей план менен иштеген механизим жок. Сатуучулар менен кардарлардын ортосунда баланс болуш керек. Өндүрушчулөрдү кардарлар колдошу шарт.
Баса белгилеп өтөйүн, ортомчулардын оюндан чыгаруу үчүн конкреттүү технология бар. Эгер биз наалып отурсак дагы 10 жыл отура беришибиз мүмкүн.
Мисалы, базарлардын көпчүлүгү менчик. Ал эми отургандар арендаторлор. Алар өндүрүшчүлөрдү базарга киргизбейт. Совет мезгилинде “Колхоз базары” деген болгон. Ал жерге бир дагы алып-сатарды киргизбейт эле. Система иштейт болчу. Ошондой шартты бүгүн биз түзүшүбүз керек. Бул муниципциалдык базарлар.
Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, кардар менен өндүрүшчү түз соода кылса, ортомчу автоматтык турдө оюндан чыгат. Ар бир иштин чечилиш көзү бар. Иш билигилик менен иш кылсак маселе өзүнөн өзү чечилет.
Артыгалы Мураталиев, хирург:
“Эт багытындагы малдын баасы туруктуу жана элдин чөнтөгүнө жараша чектелиши максатка ылайыктуу”
– Ден-соолукка маани берүү башкы максат болушу керек. Буга чейин коомдо тамак-аштын, азык-түлүктүн, анын ичинде эттин органикалык жактан таза болушу керектиги байма-бай айтылып келген. Мисалы, эт багытындагы төрт түлүк малдар дагы органикалык жактан таза тамактанышы шарт. Себеби, малдын эти азык-түлүк катарында кеңири колдонулат. Ошондуктан эт багытындагы малдын баасы туруктуу жана элдин чөнтөгүнө жараша чектелиши максатка ылайыктуу.
Эт адамдардын нервинин иштеши жана ДНК менен эритроциттердин өндүрүшү үчүн өтө маанилүү болгон В12 витаминин камсыз кылат. Бул медицинада аныкталган.
Уй эти
Уй эти коллаген менен эластиндин алмаштырылгыс булагы. Пайдалуу курамына В, А, С, РР витаминдери, ошондой эле жашоо ʏчʏн эң керектʏʏ минералдар: темир, кальций, калий, натрий, цинк, фосфор, магний, жез кирет. Уй эти булчуңдардын ɵсʏшʏ жана ɵнʏгʏшʏ ʏчʏн зарыл болгон оңой сиңирʏʏчʏ протеиндин булагы болуп саналат. Белгилей кетчʏ нерсе, тамак даярдоо учурунда баалуу протеиндердин этте дээрлик толугу менен сакталып калышы маанилʏʏ. Уйдун эти адамдын организмине дан эгиндерине, жашылча-жемиштерге караганда тезирээк сиңет.
Хирург катары айта турган болсом, бышырылган эт жана уйдун сорпосун операциялардан, кɵп кан жоготуудан жана олуттуу оорулардан кийин колдонуу сунушталат.
Уйдун эти гемопоэзди жакшыртат жана гемоглобиндин деңгээлин жогорулатат, аны аз кандуулук ʏчʏн менюга киргизʏʏ абдан пайдалуу.
Бирок уйдун этин артрит, остеохондроз жана башка сɵɵк, муун оорулары менен жабыркагандарга жегенге болбойт. Анын курамында пурин негиздери бар. Алар сиңирилгенде заара кислотасын бɵлʏп чыгарып, оорулуунун абалын начарлатышы мʏмкʏн.
Эчки эти
Эчкинин эти жумшак, даамы жана минималдуу майлуулукка ээ. Калориясынын аздыгынан мындай этти медициналык же диеталык тамактануу менен жесе болот. Эчкинин этинде темирден баштап кʏчтʏʏ антиоксидантка чейин бир катар баалуу компоненттер бар. Мындан тышкары, эчкинин этинде холестериндин деңгээли тɵмɵн болгондуктан, ɵзгɵчɵ улгайган адамдар ʏчʏн алмаштырылгыс азык болуп саналат.
Кой эти
Кɵпчʏлʏк кой этин ɵтɵ майлуу тʏрʏ деп эсептешет. Албетте, койдун этинде май бар. Кой эти холестерол кɵлɵмʏн нормалдаштыруу ʏчʏн жооптуу лецитин, таасирдʏʏ кɵлɵмʏн камтыйт. Бирок мунун да белгилʏʏ бир кемчилиги бар. Койдун сɵɵктɵрʏндɵ артриттин ɵнʏгʏшʏнɵ ɵбɵлгɵ тʏзгɵн заттар бар. Ошондуктан, улгайган адамдар мындай эт азыктарынан баш тартканы жакшы.
Мындан тышкары, картайган, семиз кой этинде кɵбʏнчɵ кан тамырларга жана жʏрɵккɵ таасир этʏʏчʏ липиддер бар. Ошондуктан, жогорудагыдай оорусу барлар кой этин жегенге болбойт, ошондой эле тамак-аш даярдоо учурунда эриген бардык майлар да колдонулбашы керек.
Эт багытындагы малдын базар баасы
Азык-түлүктүн өзөгүн түзгөн эт багытындагы мал багылып, ошол эле маалда сатылып жаткан төрт түлүк малдын баасына сарасеп салып көрдүк.
Базарда союшка жарамдуу болгон койдун баасы 15 миңден 25 миңге чейинки сумманы түзсө, уйдун баасы 85 миңден өйдө. Ал эми музоонун орточо баасы 40,45 миңдин тегерегин түзөт.
Союшка жарамдуу жылкынын баасы 200 миңди чапчыйт.
Ал эми малга тоют катары керектелүүчү жем, чөптүн баасы жылдагы баасынан бир топ жогорулаган. Башкача айтканда айыл жерлеринде 350 сомдон 400 сомго чейинки баада сатылат.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева


















