Иран бийлиги суу кризисинен улам Тегеранда түнкүсүн сууну өчүрүүгө аргасыз болушу мүмкүн, буга байланыштуу жарандарды суу камдап алууга чакырышты. Бул тууралуу Ирандын энергетика министри Аббас Алиабади билдирди.
Тегеран провинциясынын суу түтүктөрү компаниясынын башкы директору Бехзад Парса 2-ноябрда Ирандын борборун ичүүчү суу менен камсыз кылган беш негизги сактагычтын бири — “Амир Кабир” суу сактагычындагы запастар эки жумага да жетпей калышы мүмкүн экенин билдирген.
Ал эми Иран президенти Масуд Пезешкиан 7-ноябрь күнү борбордогу суу кризиси жаандын жоктугунан улам курчуп жатканын жана эгерде ноябрдын аягына чейин жамгыр жаабаса, шаарды эвакуациялоого туура келиши мүмкүн экенин айткан.
“Биз кээде түнкүсүн, эл эс алып жатканда жана суу аз колдонулган учурда (Тегеранда – ред.) суу басымын нөлгө чейин түшүрүүгө аргасыз болобуз. Мен элди суу сактоочу резервуарларды орнотууга чакырам. Эгерде эл муну жасаса, балким, алар суунун өчүрүлгөнүн да байкабай калышы мүмкүн”, – деген министрдин сөзүн Fars агенттиги келтирди.
Алиабади белгилегендей, өлкөнүн суу менен камсыздоо түтүктөрү 100 жылдан бери колдонулуп келет жана бул убакыт аралыгында абдан эскирген. Анын айтымында, абалды июнь айындагы Израилдин Иранга жасаган чабуулдары да оорлоткон, анткени ошол учурда айрым түтүктөр да жабыркаган. Бирок басымды азайтуу жана имараттарга суу насосторун орнотуу аркылуу суунун бир бөлүгүн сактап калууга мүмкүн болгон.
Тегеранды суу менен камсыздоо компаниясынын башчысы билдиргендей, Ирандын баш калаасы акыркы 60 жылдан бери биринчи жолу алтынчы жыл катары менен кургакчылыкты баштан кечирүүдө. Бул маалыматты Ирандын Улуттук аба ырайын алдын ала билүү борборунун башчысы Садег Зияиян да тастыктап, март айынан бери өлкөнүн борбордук аймагында жаан-чачындын көлөмү 95,8%га азайганын жана алдыдагы он күндө да жаан күтүлбөй жатканын айтты.
Fars агенттигинин маалыматы боюнча, 8-ноябрга карата өлкөдөгү 19 суу сактагыч дээрлик толугу менен кургап калган, алардагы суунун көлөмү 5%дан аз.
Пезешкиан буга чейин белгилегендей, суунун жетишсиздиги мамлекеттик көзөмөлдөгү коомдук жашоонун бардык тармактарына таасир этүүдө, ошондуктан көйгөйдү комплекстүү жана терең чечүү керек. Президенттин айтымында, суунун жетишсиздигин жоюу үчүн бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын адистери катышкан эксперттик комиссияларды түзүү зарыл.
Tasnim агенттигинин маалыматы боюнча, Тегерандын керектеген суусунун 30%ы шаар алдындагы жер алдындагы булактардан келет, калган 70%ы борбордун айланасындагы беш суу сактагычтан алынат. 15-июлдагы маалымат боюнча, алардын деңгээли бир кыйла төмөндөгөн: Лар – 7%, Мамлу – 10%, Латйан – 43%, Амир Кабир – 37%, Талеган – 52%.
Ирандын мамлекеттик суу ресурстары компаниясынын жетекчиси Хашем Амининин айтымында, шаар калкынын жарымына жакыны ичүүчү суунун тартыштыгына дуушар болууда.
Анын маалыматы боюнча, акыркы 30 жыл ичинде Ирандагы таза суунун кайра жаңылануучу булактарынын көлөмү 132 миллиард куб метрден 90 миллиардга чейин азайган, башкача айтканда 30%дан көп төмөндөгөн, ошол эле учурда сууну керектөө көлөмү көбөйгөн.
Март айында Алиабади бийлик төрт провинцияда – Хорасан-Резави, Йезд, Исфахан жана Тегеранда олуттуу суу кризисине туш болгонун билдирген. Буга аймактардагы көп жылдык кургакчылык себеп болгон.
ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, мындан тышкары дагы бир катар аймактар суунун тартыштыгынын алдында турат: өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Хамадан, ошондой эле түштүк провинциялар – Фарс, Хузестан, Керман, Систан жана Белуджистан, Хормозган.
Бул аймактардагы негизги көйгөйлөр – дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын кургап калышы жана тосмолордун (плотиналардын) натыйжалуулугунун төмөндөшү. Мисалы, Исфахан провинциясындагы Ирандын ири дарыяларынын бири – Заянде-Руд – акыркы бир нече жылдан бери кургап турат, анткени аны сугат жана ичүүчү суу менен камсыз кылган “Кухранг” булагындагы суу азайган. Ошол эле себептен улам, Ирандын эң чоң дарыясы – Хузестан провинциясындагы Карун дарыясындагы суу деңгээли да төмөндөп жатат.















