Түркиянын прокурорлору мурда кармалган Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуну саясий тыңчылык боюнча айыпташты. Оппозициялык саясатчынын өзү муну четке кагууда.
Ал буга чейин мартта коррупция боюнча айыпталып, кийин Стамбулдун прокуроруна аброюна шек келтирип, коркуткандыгы үчүн күнөөлөнүп, бир жыл сегиз айга кесилген.
Бул тууралуу Anadolu маалымат агенттигинин билдирүүсүнө таянып, kommersant.ru басылмасы жазды.
Белгиленгендей, мурдагы мэр Имамоглу менен бирге Стамбул соту Tele1 жаңылыктар каналынын башкы редактору Мердан Янардагды жана мэрдин кеңешчиси менен шайлоо өнөктүгүнүн менеджери Неджати Озканды камакка алган.
“Соттун чечимине ылайык, Экрем Имамоглу жана Неджати Озкан 2019-жылдагы шайлоодо алдамчылык схемасы аркылуу артыкчылыкка ээ болууну пландашкан. Алар социалдык медиага жана шайлоочулардын ички электрондук почталарына кирүүгө аракет кылышкан. Натыйжада маалыматтар сыртка чыгып кеткен. Прокурорлордун айтымында, алар жарандардын жеке маалыматтарын чет элдик чалгындоо кызматтарына өткөрүп беришкен”,- деп айтылат маалыматта.
Sozcu гезитинин маалыматы боюнча, соттун чечими июль айында тыңчылык боюнча айыпталып камакка алынган Хүсейин Гүндүн көрсөтмөсү менен тастыкталган. Ал террористтик уюмдарды каржылаган деп айыпталган. Сот документтеринде анын Нежати Өзкан менен байланышта болгону көрсөтүлгөн. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Мердан Янардаг “Gun” компаниясынын тушунда Tele1 каналынын башкы редактору болуп, каналдын ишин өзүнүн кызыкчылыктарына ылайыкташтырган.
Эскерте кетсек, Экрем Имамоглу ушул жылдын март айында камакка алынган. Июль айында ал мамлекеттик кызматкерди кемсинткен деген айып менен бир жыл сегиз айга эркинен ажыратылган. мындан тышкары, ага каршы коррупция боюнча да иш козголгон.
Март айынан бери Түркияда болжол менен 500 адам камакка алынган, алардын көпчүлүгү оппозициялык Республикалык элдик партиянын мүчөлөрү.



















