Кенияда 12 адамды алып бараткан жүргүнчү учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн жарандык авиация башкармалыгына шилтеме берип билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык Квале округунда болгон. Башкармалыктын билдирүүсүндө айтылгандай, жүргүнчүлөр отурган учак Диани-Бич курорттук аймагынан чыгып, Кичва Тембо аэродромуна бара жаткан. Учурда кырсыктын себебин жана кесепеттерин аныктоо үчүн өкмөттүк органдар кырсык болгон жерде иш жүргүзүп жатышат.
Кениядагы TV47 Kenya телеканалы Instagram социалдык тармагындагы расмий баракчасына кырсыкка учураган учактын видеокадрларын жарыялаган. Видеодо Mombasa Air авиакомпаниясына таандык учактын күйүп жаткан сыныктары көрүнөт.
Буга чейин Венесуэлада да учак абада айланып, учуп чыккандан бир нече мүнөттөн кийин кулап түшкөн. Эки учкуч тең каза болгон.


















