Дүйнөлүк океанда болжол менен 170 триллион пластикалык бөлүкчө айланып жүрөт деп эсептешти Лондондогу Кралица Мария университетинин изилдөөчүлөрү, деп жазат Independent басылмасы.
Алардын маалыматына караганда, пластмасса өндүрүшү толугу менен токтотулса да, океанда топтолгон таштандылардын толугу менен жоголушуна жүз жылдан ашык убакыт талап кылынат.
23-октябрда The Royal Society журналында жарыяланган отчетко ылайык, пластиктин басымдуу бөлүгү океандын бетинде жай ажырап, микробөлүкчөлөргө айланат жана экосистемада ондогон жылдар бою сакталат.
«Адамдар көп учурда океандагы пластик жөн эле чөгүп кетет же жоголуп кетет деп ойлошот. Бирок биздин моделдер көрсөткөндөй, ири пластикалык калдыктардын көбү бетинде жай ажырап, ондогон жылдар ичинде майда бөлүкчөлөргө айланып кетет», — деди доктор Нань Ву.
Болжол боюнча, 94% пластик акыры түбүнө чөгүп, кылымдар бою сакталып калышы мүмкүн. Калган 6% болсо суунун жогорку катмарларында айланып жүрөт.
Окумуштуулар пластик океан агымдарынын айланышына тоскоолдук кылып, климатка жана азык заттардын бөлүштүрүлүшүнө таасир этерин эскертишет.
«Ал дээрлик түбөлүк жашай алат, эгерде океандын муздак чөйрөсүндө аны бузуп жок кыла турган нерсе табылбаса», — деди Oceana уюмунун улук илимий кызматкери Ким Уорнер.
Микро жана нанопластикалык бөлүкчөлөр жаныбарлардын жана адамдардын артерияларынан, мээсинен жана жыныс органдарынан да табылган. Алардын таасири диабетке, жүрөк-кан тамыр ооруларына жана ичеги-карындын иштешинин бузулушуна байланыштуу болушу мүмкүн.
«Бул изилдөө микропластик менен булгануу — көп муундарга созулган көйгөй экенин көрсөттү. Эгер биз эртең пластмасса өндүрүшүн токтотсок да, биздин неберелерибиз океандарды тазалоо менен алек болот», — деди профессор Кейт Спенсер.
Окумуштуулар узак мөөнөттүү кесепеттерин азайтуу максатында пластик өндүрүшүн кыскартууга жана анын жайылышын катуу көзөмөлдөөгө чакырышууда.



















