Ак илбирс – Кыргызстандын улуттук символу катары расмий таанылган. Анткени 2023-жылдын соңунда КР президенти Садыр Жапаров бул жөнүндө атайын жарлыкка кол койгон.
Ушуга байланыштуу өлкөдө ак илбирсти коргоо боюнча көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп келет. Быйыл да мамлекеттик жана мамлекеттик эмес экологиялык уюмдар атайын иш-чараларды уюштурду. Анын алдында өлкө башчы Жапаров да өзүнүн расмий социалдык баракчасына ак илбирсти коргоо боюнча атайын пост жазып, дүйнө элине кайрылды.
“Бүгүн эл аралык коомчулук алгачкы жолу расмий түрдө Ак илбирстин эл аралык күнүн белгилеп жатат. Бул демилге дал ушул кыргыз жергесинен, биздин элибиздин чын жүрөгүнөн чыгып, бүтүндөй дүйнө жүзүнө тараганы мен үчүн өзгөчө сыймык!”,-деди ал.
Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Ак илбирстин эл аралык күнүн белгилөө боюнча Кыргызстан сунуштаган резолюциясынын бир добуштан кабыл алганын эске салды.
“Биздин БУУга сунуш киргизүүбүз мыйзам ченемдүү кадам эле. Анткени дүйнө жоголуу алдында турган сейрек жаныбар тууралуу гана эмес, ошол жаратылыштын бир бөлүгү болгон эл тууралуу да билүүгө тийиш болчу. Ак илбирсти коргоо бул ошол бир бөлүгүбүздү сактоо дегенди билдирет. Ал жашаган чөйрөнү сактоо — планета калкынын үчтөн бирин суу менен камсыз кылган булактарды коргоо деген сөз!”,-деди Жапаров.
Мындан сырткары ал, 23-октябрда ак илбирстин урматына символикалуу түрдө 23 мүнөт убактыбызды жөө басууга, көнүгүүгө жана сейилдөөгө арноого чакырды.
Ал арада өлкөнүн улуттук символу – ак илбирстин логотиби менен аны колдонуу тартиби бекитилди.
Министрлер Кабинети ак илбирсти өлкөнүн улуттук символу деп таануу жөнүндө токтом кабыл алды. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документте ак илбирстин расмий логотибин кабыл алуу жана аны колдонуу тартиби да каралган.
Бул чечим президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 369 «Ак илбирсти КР улуттук символу деп таануу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Кыргызстандын жаратылыш жана маданий мурастарын чагылдырган символдорду сактоо, коргоо жана популяризациялоо максатында кабыл алынды.
КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине ак илбирстердин популяциясын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү тапшырылды. Бардык мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге, менчигинин түрүнө карабастан, бул токтомду жетекчиликке алуу жазылды. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кире турган болду.
Өткөрүлгөн иш-чаралар
“Ак илбирс – Кыргызстандын улуттук символу” деген чакырык менен өлкөнүн бардык аймактарында атайын иш-чаралар өткөрүлдү. Бишкекте БУУнун Башкы Ассамблеясынын чечими менен жыл сайын 23-октябрда белгиленип келе жаткан Илбирстин эл аралык күнүнө карата «Бизнес, экология жана спорт — Ак-Илбирс 2025» форуму башталып, анын ачылышы өттү.
Форум ишкерлер коомчулугун, спорттук уюмдарды, мамлекеттик түзүмдөрдү жана экологиялык демилгелерди бириктирген өзгөчө аянтчага айланды. Аларды бириктирген негизги максат — илбирсти жана Кыргызстандын тоо экосистемаларын сактоого өбөлгө түзүү болду.
Ал эми Ошто бүгүн, 23-октябрь – илбирсти коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарында “Биотүрдүүлүктү сактоо: Илбирс аркылуу жаратылышты коргоо концепциясы” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Аны Германиянын жаратылышты коргоо союзу (NABU) коомдук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын түштүк бөлүмү уюштурду.
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Табият таануу жана география факультетинде өткөрүлгөн саамалыкка экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана жаратылышты сактоого кызыккан жарандар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн коргоонун мааниси, ошондой эле жаратылышты сактоодогу эл аралык жана жарандык уюмдардын ролу тууралуу ой бөлүшүп, экологиялык системанын туруктуулугу боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле Кыргызстандагы илбирстердин учурдагы абалы жана аларды коргоо боюнча иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.
Эске сала кетсек, бул жапайы жаныбар Кыргызстандын жана Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ.
Байыркы кыргыз элинин маданиятында ак илбирс айбаттуулуктун, айкөлдүктүн, эр жүрөктүүлүктүн, кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын көрүнүшү болгон. Ошондуктан уламыштарда айтылгандай, илбирс — улуу Манастын тотемдик жаныбары болуп эсептелет.



















