Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан өэ өлкөсү эч качан өзөктүк курал түзүүгө умтулбаганын жана дайыма диалогго даяр экенин билдирди. Бул тууралуу анын расмий сайтында жарыяланган.
Пезешкиандын айтымында, Ислам Республикасынын бул маселедеги позициясы ачык-айкын жана бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө жана диний жоболорго негизделген.
«Биз ар дайым акылга сыярлык, адилеттүү жана так критерийлерге негизделген диалогго даяр экенибизди айтып келгенбиз. Бирок бизди жаңы көйгөйлөргө түртүп сала турган сүйлөшүүлөргө эч качан макул болбойбуз», — деп белгиледи лидер.
19-сентябрда БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иранга каршы санкциялардын жоюлушун узартуу боюнча резолюцияны четке какты. Резолюцияга каршы АКШ, Франция, Улуу Британия, Греция, Дания, Сомали, Панама, Словения жана Сьерра-Леоне добуш берди. Ал эми Россия, Кытай, Пакистан жана Алжир санкциялардын жоюлушун колдоду.















