Eurasiatoday
Жекшемби, 29-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрү келишим түзүштү

  • Борбор Азия
  • 04.09.2025 14:52

Loading

Кытайдын борбору Пекин шаарында өткөн Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын, ошондой эле Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадка катышкан Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Кытай менен бир катар келишимдик долбоорлорго кол коюшту.

Кытай менен Кыргызстан 10 келишимге кол койду

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында 10 келишимге кол коюлуп, негизги документтердин бири бекер жардам көрсөтүүгө тиешелүү.

Тема боюнча

Кытай Борбор Азия менен медицина тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүдө

Кытай Борбор Азия менен медицина тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүдө

03.09.2026

Президенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорундагы Кыргызстандын үлүшүн каржылоо үчүн жеңилдетилген насыя берүү боюнча ниет катка кол коюлду.

Эки мамлекеттин башчылары ШКУнун алкагында кызматташуунун келечегин, логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, чек ара бекеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар өз ара ишенимге жана сый-урматка негизделген стратегиялык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да өнүктүрүүгө умтуларын билдиришти.

Өзбекстан менен Кытай 5 миллиард долларлык 13 кен долбоору боюнча макулдашты

Ташкент менен Пекин энергетикалык чийки заттарды, анын ичинде көмүр, уран жана башка маанилүү кендерди казып алуу жана кайра иштетүү жаатында бир катар ири биргелешкен демилгелерди даярдашты.

Бул тууралуу Өзбекстандын Тоо-кен жана геология министри Бобир Исламов “O’zbekiston 24” телеканалына берген маегинде билдиргендигин Uzdaily.uz басылмасы жазды.

Министрдин айтымына караганда, тараптар жалпы суммасы 5 миллиард долларга жакын 13 жаңы долбоорду ишке ашырууну макулдашышкан.

Ал өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевдин Кытайга расмий сапары жаңы келечегин түзүп, кызматташуунун кошумча багыттарын ачууга шарттарды түзүп жатканын белгиледи.

Заманбап технологияларды трансферттөө, уран кендерин иштетүү, келечектүү аймактарда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле тынчтык максатта атом тармагында кызматташууну кеңейтүү боюнча пландар талкууланган.

Исламов Өзбекстан кытайлык өнөктөштөрү менен тоо-кен тармагын өнүктүрүүнү тездетип, анын экспорттук потенциалын бекемдей турганын баса белгиледи.

Казакстан менен Кытай 15 миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашырат

Казакстан менен Кытай Пекинде өткөн казак-кытай ишкерлер кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында жалпы суммасы 15 миллиард доллардан ашкан 70тен ашуун коммерциялык документке кол коюшту. Анын ичинде энергетика, санариптештирүү, курулуш, металлургия, телекоммуникация, транспорт жана логистика тармактары бар.

Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес түзүмдөрүнүн 500дөн ашуун өкүлдөрү, анын ичинде 70тен ашуун кытайлык ири корпорациялардын жетекчилери катышкан.

Ал эми NUR.kz басылмасы жазгандай, президент Касым-Жомарт Токаев Кытай Казакстандын экономикасына 27 миллиард долларга жакын инвестиция салганын билдирген.

Эскерте кетсек, Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтында өткөн дүйнөлүк маанидеги иш-чарага 26 өлкөнүн мамлекет башчылары жана өкүлдөру катышты.

Алардын арасында Россиянын президенти В. Путин, Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын бар.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: "Кытай-Борбор Азия" саммитиКЭР
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кытай “Кытай-Борбордук Азия рухун” жайылтууга жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен биргеликте “үч жаман күчкө” каршы күрөшүүгө даяр

Кытай “Кытай-Борбордук Азия рухун” жайылтууга жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен биргеликте “үч жаман күчкө” каршы күрөшүүгө даяр

10.09.2026
Кытай Борбор Азия менен медицина тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүдө

Кытай Борбор Азия менен медицина тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүдө

03.09.2026
Си Цзиньпин Бишкекте өткөн ШКУ саммитинде тең укуктуу көп полярдуу дүйнөнү курууга чакырды

Си Цзиньпин Бишкекте өткөн ШКУ саммитинде тең укуктуу көп полярдуу дүйнөнү курууга чакырды

01.09.2026
Пекин Вашингтонго чакырык таштап, Иранга каршы мунай санкцияларын бөгөттөдү

Пекин Вашингтонго чакырык таштап, Иранга каршы мунай санкцияларын бөгөттөдү

07.05.2026
Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен соодада лидерликке чыкты — товар жүгүртүү $106 млрд.дан ашты

Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен соодада лидерликке чыкты — товар жүгүртүү $106 млрд.дан ашты

05.02.2026
Борбор Азиядагы Интеграция 2.0 доорунун аягыбы?

Борбор Азиядагы Интеграция 2.0 доорунун аягыбы?

17.11.2025
КЭР ТИМи: Газа Палестинага таандык

КЭР ТИМи: Газа Палестинага таандык

22.09.2025
Кытайдын Тяньцзинь шаарында ШКУ лидерлеринин саммити ачылды

Кытайдын Тяньцзинь шаарында ШКУ лидерлеринин саммити ачылды

01.09.2025
Кытай-орус мамилелери туруктуу жана стратегиялык жактан маанилүү байланыштар болуп саналат

Кытай-орус мамилелери туруктуу жана стратегиялык жактан маанилүү байланыштар болуп саналат

29.08.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.