Базар баасына мыйзам долбоорлорунун мазмуну жана дүйнөлүк, чөлкөмдүк рыноктун таасирлери чоң.
Улуттук банк ушул жылдын июль айында эсептик ченди 9, 25 пайызга чейин жогорулатып, инфляция орточо чекте кармалып тургандыгын билдирген.
Ошол учурдагы маалыматка караганда, инфляциянын көрсөткүчү ушул жылдын башынан тартып июлга чейинки аралыкта 4,6%, ал эми жылдык эсепте 8,7%ды түзгөн. Ал учурда азык-түлүктөрдүн баасы уламдан-улам өсүштө болгондуктан муну ооздуктоо максатында эсептик чен жогорулатылганы айтылган. Буга карабай ак төөнүн карды жарылган бышыкчылык болуп турса дагы Кыргызстандын ири базарларынан тартып, дүң соода дүкөндөрдөгү азык-түлүк, анын ичинде мөмө-жештердин баасы төмөндөгөн жок. Бул элдин тейлөө кызматын аркалаган кафе, ресторандардагы тамак-аштардын баасынын жогорулашына алып келди.
Базар экономикасындагы өсүшкө байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы
Жээналы Орозбаев “Кабар” агенттигине берген маегинде кымбатчылыктын негизги себептерине кеңири токтолгон.
Анын айтымына караганда, буга сезондук факторлор, дүйнөлүк жана чөлкөмдүк рыноктун таасирлери чоң. Ошондой эле, базарлардагы товарлардын бааларын ашкере көтөрүлүүсүнө баа саясатын мамлекеттик жөнгө салуунун мыйзамдык базасынын чабалдыгы жана мыйзам долбоорлорунун мазмуну да роль ойнойт.
“Биринчи эң чоң маселе инфляцияга дүйнөлүк экономиканын таасири абдан чоң болуп жатат. Мындан тышкары бизге жакын жана орто аралыктагы өлкөлөрдүн өз ара “экономкалык согушу” дагы маселе жаратып, алардын бири-бирине болгон мамилеси күйүүчү жана майлоочу майларга, ошондой эле анын эсебинен башка бардык продукцияларга таасир этүүдө. Мындан сырткары Кыргызстан азык-түлүк продукцияларынын басымдуу бөлүгүн чет өлкөлөрдөн импорттойт. Туура, кээ бир азык-түлүктөрдү толугу менен өзүбүз камсыздайбыз. Алардын ичинде картошка, сүт азыктары, жашылча жемиштерди жана эт азыктары менен камсыздай алабыз. Бирок ошентсе да башка азыктардын көпчүлүгү чет өлкөлөрдөн келгендигине байланыштуу, ал жактан кандай баа менен келсе, ошого жараша болот. Бул биздеги бааларга сөзсүз таасирин тийгизет”,- деди Орозбаев маек учурунда.
Анын пикирине караганда, Кыргызстан бүткүл глобалдык системада тургандыгы үчүн бардык баага өзү көзмөл жүргүзө албайт. Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азык-түлүктөрдүн 16 түрү боюнча гана мониторинг жүргүзө алат.
“455-токтомдун негизинде 16 продукция кабыл алынган. Бул социалдык жактан маанилүү товарлардын тезмеси деп аталат. Тизмеге кирген азыктардын баасы кымбаттап кеткен учурда мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Муну Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт”,- деди ал.
Анын сөзүнө караганда, тизмеге киргизилген 16 бекитилген товардын түрүнө гана 90 күнгө чектөө киргизилет. Көзөмөл акыркы 5 жылдан бери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле сатуучуга жана кардарларга дагы бирдей балансты сактап, оорчулукту жаратпаган жолдору караштырылат. Мындан тышкары азыркы бааларды түзүү мыйзамында өзгөртүүлөрдү кабыл алуу сунушталып жатат.
Базар баасындагы өсүштөргө байланыштуу өткөн жумада “Евразия тудей” агенттиги да бир катар базарларга, анын ичинде “Ош”, “Аламүдүн” базарларындагы бааларга сарасеп салганбыз.
Андагы иликтөөлөргө ылайык, кой, уй эттеринин баасы 650 сомдон 800 сомго чейин, күрүчтүн баасы – 150, 230 сом, картошка – 30, 45 сом, сабиз – 45-50 сом деп көрсөтүлүп, ал эми пияз 40 сомдон өйдө баада сатылып жаткандыгына күбө болдук.
Бул арада Министрлер кабинети кафе жана ресторандарда тейлөө кызмат акысын алууга тыюу салууну сунуштап, токтом долбоорун коомдук талкууга койду.
МинКабдын билдирүүсүнө ылайык, эми кафе-ресторандардагы тейлөөгө деп эсептелген кошумча 10 -15% төлөмдү алууга жол берилбеши мүмкүн.
Маалыматка караганда, бардык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы менюда, прейскурантта толук көрсөтүлүп, чай-пул берилген учурду кошпогондо менюдагы эсеп акыркы суммага дал келиши керек. Муну Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы да ырастап, тиешелүү мекемелер тарабынан талдоо жүргүзүлүп, сунуштарды даярдоо башталганын кошумчалаган.
Мыйзам долбоору коомдук колдоо тапса, качан күчүнө кирет?
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргызстандын Министрлер кабинетинин регламентине ылайык коомдук талкуудан жана башка мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өткөрүлөт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын атайын өкүлү жооп берди.
“Бул жол-жоболор аяктагандан кийин долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кароосуна киргизилет. Эгерде Министрлер кабинетинин төрагасы кол койсо, токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет”,- деди атайын өкүл.
Эскерте кетсек, бул токтом долбоору коомдук талкуудан өткөрүү үчүн 2025-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылган жана ошол эле күнү мамлекеттик органдардын макулдашуусуна жөнөтүлгөн.
“Киргизилген токтомдун долбоору кыргыз өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 2014 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин жөнгө салуу жөнүндө” токтому менен бекитилген.
Кыргызстандын аймагында товарлардын айрым түрлөрүн соодалоо эрежелеринин 141-пунктун жаңы редакцияда баяндоону сунуштайт”,- деп кошумчалады өкүл.
Мында буйрутманын негизги наркынан өзүнчө тейлөөчү, идиш-аяктарды, дасторконду жаюу же тейлөө персоналынын башка аракеттери үчүн акы алууга жол берилбей турганды айтылган.
Ошондой эле, коомдук тамактануу кызматынын бардык компоненттеринин наркы менюда, прейскурантта же буйрутманы бергенге чейин керектөөчүгө жеткиликтүү болгон башка документте көрсөтүлгөн баага киргизилүүгө тийиш. Ыктыярдуу төлөмдөрдү (чайпул) кошпогондо, акыркы төлөмдүн суммасы жалпыга ачык сунушталган прейскуранттын негизинде эсептелген суммадан айырмаланбашы керек.
Бардык кызмат көрсөтүүлөр буйрутма баасына кошулганда, бул эсептөөлөрдүн ачыктыгын жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыздайт, ошондой эле керектөөчүлөргө төлөнүүчү так акыркы сумманы алдын ала билүүгө мүмкүндүк берээрин билдирди.
Бул маселе коомчулукта талкууланып башталгандан кийин, кафе-ресторандардагы бааларды билүү максатында Кыргызстандагы белгилүү кафелердин айрымдарына, анын ичинде “Ак Бата”, “Нават ” чайканаларына баш бактык.
“Ак Бата” чайканасынын кардарлар үчүн көрсөтүлгөн менюсунда, “Бешбармак” – 370 сом, “Ташкент палоо” – 290 сом, уй эти менен жашылча кошулуп жасалган куурдак – 420 сомду жана “Жөжө куурдагы” – 420 сом менен көрсөтүлгөн. Ал эми кой этинен жасалган “Казан кебаб” – 530 сом.
Ал эми “Нават чайканасынын” менюсундагы тамак-аштардын баалары дагы “Ак Бата” чайканасынан көп деле айырмаланбайт.
Рысбек Бектемиров, “Ак Бата” чайканасынын админстратору:
“Тамак-аштын кымбатташы азык-түлүктөрдүн баасына байланыштуу”
– 5 %дан 15 %га чейинки төлөмдөр алынып салынса кафелердин өзүн-өзү акташ же актабашы кардарлардын келишине жараша болот. Кээде кардар көп болсо, кээде аз болот. Учурда кафелердин чыгымы ансыз деле көп. Мисалы, комуналдык төлөмдөр, электр энергиясы менен газдын кымбатташы, салык кызматына төлөнөт. Мындан тышкары, ашпозчулардан тартып официанттар, тазалык кызматчыларынын айлык маяналарын кошкондо бир топ суммага чыгат.
Ошол эле учурда азык-түлүк баалары күндөн -күнгө өсүүдө. Эттин баасы 650 сомдон жогорулап, 800 сомдон ашкан учурлар бар. Картошка Кыргызстанда өндүрүлгөндүгүнө карабай 40 сомдон кеми жок. Сүт багытындагы азыктар 100 сомдон өйдө. Ошондуктан 15 пайызга чейинки төлөм боюнча сөз болгондо мына ушулардын баары эске алынышы керек.

Жарандардын көпчүлүгүндө “кафе-ресторандар эки эселеп пайда таап жатат” деген түшүнүк бар. Жок, тескерисинче кафелер кызматчыларга кошуп төлөп берет.
Таалайбек Абсамат уулу, “Нават” чайканасынын администратору:
“Тейлөө кызматы алынып салынса, тамак-аштын баасы кымбатташы мүмкүн”
– 15 % тейлөө акысы бул ошол жерде иштеген жумушчулардын эле эмгек акысы эмес, кардардын отуруп тамактанып колдонгон буюмдары жана ар бир барган адам үчүн түзүлгөн шартка төлөнөт.
Ал эми кафелердеги тамак-аштардын бааларынын жогорулашына азык-түлүктөрдүн кымбатташы түздөн-түз тиешелүү. Эгерде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын тейлөөдөгү пайыздык төлөмдөрдү алып салуу кадамы ишке аша турган болсо, бир топ кафелер, ашканалар жабылып калышы мүмкүн. Анткени учурда өзүнүн чыгашаларын араң жаап иштеп жаткан кафелер бар. Ошол эле учурда тамак-аштардын баасынын кескин көтөрүлүшүнө алып келет.
Пайыздык төлөм жөнүндө сөз кылуудан мурун кафе-ресторандардын тейлөө кызматына баа берилиши керек. Анткени алар бир гана кыргызстандыктарга эмес, келген туристтерге дагы жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүгө кызыкдар. Себеби, дасторкон жана тейлөө биздин маданиятыбызды чагылдырат. Ошондуктан “Нават” чайканасы жумасына эки жолудан тыкыр текшерүүдөн өтүп турат. Талап жогору.
Айрым жерлерде тейлөө кызматына алынбайт. Ошол эле учурда ал жерлер талапка жооп бербейт. Кала берсе сертификаттары жок жерлер бар. Адам өзүн-өзү бааласа, жакшы атмосфераны кааласа, кымбат жерлерден тамактанат.
Талапка жооп берген, тазалыкты сактаган кардарга жогорку деңгээлде кызмат кылган ресторан-кафелердин кызмат акысы дагы ошого жараша боло тургандыгын эстен чыгарбашыбыз керек. Анткени ал жерде кызмат кылгандан тышкары бардык Сиз тамактанып кеткен идиш-аяктарды жууп чыгышат.
Салыштырмалуу айта кетсем, кошуна мамлекеттерде дагы кошумча пайыздык төлөмдөр бар. Бирок алардын арасында Өзбекстанда тамак-аштын баасы төмөн. Эмне үчүн? Анткени аларда азык-түлүктүн баасы төмөн жана рынокто туруктуу. Айыл чарбасы өнүккөн.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.

























