Казакстанда акыркы бир жуманын ичинде айрым азык-түлүк товарларынын баасы төмөндөгөнү катталды. Так маалыматтарды Улуттук статистика бюросу эсептеп чыккан. Бул тууралуу Tengrinews.kz КТКга шилтеме берип билдирди.
Баасы эң көп төмөндөгөн товарлардын катарында бадыраңдар болду. Аналитиктердин маалыматына ылайык, акыркы жети күндүн ичинде алардын баасы 2,5 пайызга арзандаган. Ошондой эле балык, алмалар, эт фаршы, гречка жармасы, сөөксүз уй эти, сыр жана жумуртка да арзандады.
Улуттук статистика бюросу бул товарлар социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесине кирерин белгиледи. Ошол эле учурда бул тизмедеги айрым башка азыктар тескерисинче кымбаттаган. Маселен, сабиз, капуста, картошка жана тоок эттеринин баасы жогорулаган.



















