15-августа Аляскада өткөн Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусу пландалган убакыттан эки эсе кыска созулду.
Кремлдин маалыматына ылайык, Дмитрий Песков сүйлөшүүлөрдүн алдында айткан 6–7 сааттын ордуна эки лидер болгону 3,5 саат сүйлөшүштү. Жолугушуу Москва убактысы боюнча 22:46да башталып, 01:19да аяктаган.
Баштапкы планда каралган эки тараптуу «бирге-бир» сүйлөшүү өткөрүлгөн жок. Ошондой эле кеңейтилген делегациялардын жолугушуусу да болгон жок. Россия тараптан ага ТИМ башчысы Сергей Лавров, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, каржы министри Антон Силуанов жана атайын өкүл Кирилл Дмитриев кирмек.
Акыры сүйлөшүү «үчкө үч» форматында гана өттү. Россия тараптан ага Лавров менен Ушаков, ал эми АКШ тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио жана президенттин атайын өкүлү Стивен Уиткофф катышты.


















