Россиянын президенти Владимир Путин жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Сүйлөшүү маалында Путин 15-августта Анкориджде АКШ президенти менен өткөн жолугушуу тууралуу өзбек лидерин кабардар кылды. Мирзиёев россия-америкалык диалогдогу позитивдүү динамиканы жогору баалап, Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар эки тараптуу жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө көңүл бурушту. Мирзиёевдин басма сөз кызматы тактагандай, президенттер Өзбекстан менен Россия ишканаларынын ортосундагы артыкчылыктуу долбоорлорду тездетүү маселесин да көтөрүп, бардык деңгээлдерде активдүү байланыштар менен алмашууларды сактап калуунун маанисин белгилешти.
Буга чейин Путин Беларусь президенти Александр Лукашенко менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Мындан бир аз мурдараак Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Аляскада АКШ президенти Дональд Трамп менен өткөн сүйлөшүүлөр үчүн куттуктаган. Токаев саммит америкалык тарапка Кремлдин Украина боюнча позициясын жакшыраак түшүнүүгө жардам берди деп белгилеп, жолугушууну Россиянын дүйнөлүк аренадагы позицияларын чыңдоодо чоң жетишкендик деп атады. Ошондой эле ал сүйлөшүүлөрдүн жогорку деңгээлде уюштурулушун чыңалган шартта өзгөчө маанилүү деп баалады.
Путин Токаевди Трамп менен сүйлөшүүлөрдүн айрым аспектилери тууралуу да кабардар кылды.
















