АКШ президенти Дональд Трамп тарыхый Аляска саммитинде орус кесиптеши Владимир Путин менен «чоң прогресске» жетишкенин, бирок Украинадагы согушту токтотуу боюнча келишим түзүлбөгөнүн билдирди.
Путин менен Трамп Анкоридждеги Элмендорф-Ричардсон аскер базасында өткөн үч сааттай жабык жолугушуудан кийин журналисттерге оптимисттик маанайда сүйлөп берди. АКШ лидери жолугушууну «өтө жемиштүү» деп атады.
«Биз көп маселелер боюнча макулдаштык, алардын көбү абдан маанилүү деп айтат элем. Бирок азырынча келишим жок, болгону айрым жылыштар болду. Келишимге кол коюлмайынча эч нерсе бүтпөйт», — деди Трамп.
Ал жакын арада Украина президенти Владимир Зеленский жана европалык лидерлер менен сүйлөшүп, сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берерин кошумчалады.
«Бир нече гана суроолор калды. Кээ бирлери анча маанилүү эмес. Бирөөсү эң негизгиси. Бирок келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгүбүз абдан жакшы. Азырынча жетишкен жокпуз, бирок мүмкүнчүлүк чоң», — деп жыйынтыктады ал.
Келишимдин майда-чүйдөсү азырынча белгисиз, Трамп сөз кылган «маанилүү прогресс» эмнеде экендиги да так айтылган жок.
Путин өз кезегинде Трамп менен жетишилген «түшүнүшүү» Украинада тынчтыкка жол ачат деген үмүтүн билдирди. Ал сүйлөшүүлөрдү «достук маанайда өткөн» деп мүнөздөдү.
«Биз Киев жана европалык борборлор бул процессти конструктивдүү кабыл алып, тоскоолдук кылбайт деп ишенебиз», — деди Путин. «Мен президент Трамп менен макулмун, бүгүн ал айткандай, Украина коопсуздугу да камсыздалышы зарыл. Биз бул багытта иштөөгө даярбыз».
Ошондой эле Путин АКШ менен мамилелерди жакшыртууну колдой турганын айтты:
«АКШ менен Россиянын инвестициялык жана ишкердик кызматташтыгында зор потенциал бар. Соода, санарип технологиялар, жогорку технологиялар жана космосту өздөштүрүүдө да чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Арктикада да кызматташтыкка жол ачык».
Лиделердин билдирүүсүнөн кийин маалымат жыйыны жыйынтыкталды. Журналисттердин суроолору кабыл алынган жок.
Саммитке Трамп менен бирге АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стив Уиткофф катышса, Путинди Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президенттик кеңешчи Юрий Ушаков коштоп жүрдү.


















