Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан өткөн жума күнү билдиргендей, ал Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү өткөрдү жана Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын Будапешттеги саммитине даярдык кызуу жүрүп жатат.
Кремл да жума күнү билдирүү таратып, орус жана венгр лидерлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү венгр тараптын демилгеси менен өткөнүн, ал эми Орбан Будапештте мүмкүн болуучу орус-америкалык саммитти өткөрүү үчүн бардык шарттарды камсыздоого даяр экенин билдиргенин маалымдады.
Путин Орбанга АКШ президенти Дональд Трамп менен өткөн сүйлөшүүсүнүн негизги мазмуну тууралуу маалымат берип, алдыдагы америкалык өкүлдөр менен жолугушууларда Украина кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселелери талкууланарын, ошондой эле жогорку деңгээлдеги орус-америкалык жолугушууну Венгриянын борборунда өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын белгиледи.
Ошол эле маалда, Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто Будапешт Путинге АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн өлкөгө кирүүгө толук мүмкүнчүлүк берет деп билдирди.
Сийярто кошумчалагандай, саммиттин так даталары ушул жумада өтө турган АКШ жана Россиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийин аныкталат.
















