КЭДР лидери Ким Чен Ын Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Пхеньян Москва көрүп жаткан чараларды ар дайым толук колдой тургандыгына ишендирди.
Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Кореянын Борбордук телеграф агенттигине (ЦТАК) шилтеме берип кабарлады.
“Ким Чен Ын Путиндин биздин мамлекет тууралуу жана аскерлерге берген жогорку баасы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, Пхеньян ар дайым КЭДР менен Россия Федерациясынын ортосундагы келишимдин духуна ишенимдүү бойдон кала берерине жана Россия жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан бардык чараларды мындан ары да ар тараптуу колдоорун дагы бир жолу ишендирди”, — деп айтылат билдирүүдө.
Эки өлкөнүн лидерлери эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча пикир алмашып, мындан ары дагы тыгыз байланыштарды түзүүнү макулдашышты. Сүйлөшүү “жылуу, достук кырдаалда” өттү, деп билдирет агенттик.
Күн мурун Кремлдин маалымат кызматы Владимир Путин КЭДР лидери Ким Чен Ын менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана аны менен АКШнын президенти Дональд Трамп менен боло турган жолугушуусу тууралуу маалымат бөлүшкөнүн кабарлаган.
Эки өлкөнүн лидерлери өлкөлөр ортосундагы достук, жакшы коңшулаштык жана кызматташтык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө умтула тургандыгын ырасташты. РФ президенти Курск аймагында КЭДРдин көрсөткөн колдоосун жогору баалады.



















