Лидерлер Сирия, Украина жана эки тараптуу мамилелерди талкуулашты.
Россиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу Түркия президентинин администрациясы X социалдык түйүнү аркылуу маалымдады.
Эрдогандын маалымат кызматы билдиргендей, лидерлер Түркия менен Россиянын эки тараптуу мамилелерин, ошондой эле регионалдык жана глобалдык маселелерди талкуулашты. Эрдоган Россия менен Украинанын ортосунда үчүнчү сүйлөшүү раундун баштоонун маанилүүлүгүн белгилеп, сүйлөшүүлөр үчүн Стамбулду аянтча катары сунуштады.
Мындан тышкары, президенттердин сүйлөшүүсүндөгү темалардын бири болуп Сириянын өкмөттүк күчтөрү Эс-Сувейда шаарынан чыгып кеткенден кийинки кагылышуулар болду. Сириянын мамлекеттик агенттиги SANA 17-июлда араб бедуин кошуундарынын массалык түрдө өлтүрүлгөнү жөнүндө кабарлаган.
Эрдоган бул кырдаал бүтүндөй регион үчүн коркунуч жаратат деп белгиледи.
Жергиликтүү друздар менен бедуин урууларынын ортосундагы куралдуу кагылышуулар друз соодагеринин сабалып, уурдалып кетишинен кийин күчөп кеткен. 14-июлда Сирия өкмөтү Эс-Сувейдага аскер киргизген. Ошондой эле бул кырдаалга Израил да аралашып, друз коомчулугун коргойбуз деген жүйө менен Дамасктагы сириялык аскердик объектилерге аба соккулары жасалган. Эрдоган Израил Сириянын эгемендигин бузбашы керек экенин баса белгиледи.
Буга чейин, 16-июнда, Путин менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Анда алар Израил менен Ирандын ортосундагы кагылышууларды талкуулаган. Эрдоган Тель-Авивди Иранга кол салуу аркылуу бүтүндөй региондун коопсуздугун коркунучка салды деп айыптаган. Ал регион согушка чыдай албай турганын айткан.

















