Клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттеши бүгүн түнү орун алып, анда англиялык “Челси” командасы франциялык “ПСЖны” 3:0 эсебинде жеңип, 2025-жылдагы чемпионудукту колго киргизди.
Оюн Чыгыш Рутерфорддогу (АКШ) MetLife стадионунда өттү.
Беттештин 22-мүнөтүндө Коул Палмер эсепти ачса, сегиз мүнөттөн кийин дагы бир гол киргизип, дубль жасады. Ал эми 43-мүнөттө Жоао Педро Палмерден пас алып, “Челсинин” үчүнчү голун киргизди. Ошентип быйылкы жылдын чемпиондук кубогун жеңип алышты.
Финалдык беттештеги көрүүчүлөрдүн тизмесин ФИФАнын жетекчиси Жанни Инфантино менен бирге АКШнын президенти Дональд Трамп да толуктады.
“Челси” тарыхта экинчи жолу клубдар аралык дүйнө чемпиону болду. Биринчисинде алар 2021-жылдын финалында Лондондун командасы Палмейрасты жеңген. Ал эми беш трофей менен эң көп сыйлыктын рекордуна Реал Мадрид ээ болгон.
Аталган чемпионат жаңыланган форматта өттү – ага биринчи жолу алты континенттик конфедерациядан 32 клуб катышты. Бул турнир 4 жылда бир өтөт.
















