Франциянын президенти Эммануэль Макрон 3-июль күнү кечинде АКШнын президенти Дональд Трампка Украина жана Иран боюнча сүйлөшүү үчүн телефон чалганы маалым болду. Бул тууралуу The Guardian басылмасы Елисей сарайындагы булакка таянып кабарлаган.
Булактын маалыматына ылайык, лидерлер Евробиримдик менен АКШнын ортосундагы тарифтер боюнча учурдагы сүйлөшүүлөрдү да талкуулашкан. Мындан тышкары, The Guardian жазгандай, Макрон Сауд Аравиясынын президенти Мухаммед бин Салман менен да жолугушуп, Иран жана Газа тилкеси боюнча маселелерди талкуулаган.
Ошондой эле буга чейин Трамп менен Россия президенти Владимир Путин да телефон аркылуу сүйлөшүшкөнү маалым болду. АКШ президенти Украинадагы кырдаалга нааразы экенин билдирген. Анын айтымында, тынчтык жараянында жылыш жок. Ак үйдүн башчысы Вашингтон Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү улантып жатканын, бирок алгач АКШ өзүнүн курал-жарак кору жетиштүү экенине ишениши керектигин белгилеген.
1-июлда, шейшемби күнү, Кремлдин басма сөз кызматы Путин менен Макрон үч жылдан кийин биринчи жолу телефон аркылуу сүйлөшүшкөнүн билдирген. Бул сүйлөшүү эки сааттан ашык созулган. Лидерлер Украинадагы кагылышуу жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча пикир алмашышкан.
Буга чейин Европа лидерлери Путин менен Трамп Украинанын айланасындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Европаны четке кагып коёт деп кооптонушкан.















