Бүгүн, 25-июнда, Ош облусунун жетекчиси Эльчибек Джантаев билим берүү тармагындагы айрым маселелерге токтолуп, Ош билим берүү институтунун ишмердүүлүгүн сынга алды.
Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Джантаев аталган мекеменин директору Гүлмира Турдубаеванын ишин жетишсиз деп баалап, республикалык предметтик олимпиаданын жыйынтыктары күткөн деңгээлде болбогонун белгиледи.
«Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы биз күткөндөй болгон жок. Убада аткарылган жок. Бул — уялып айтуучу көрүнүш. Эгер 9 жылдан бери жетекчи болуп иштеп жатсаңыз, анда бул багытта олуттуу жыйынтык болушу керек эле», — деди ал.
Ошондой эле билим берүү мекемелеринин ишин сапаттуу уюштуруу жана жогорку көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.
Быйылкы жылдагы Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) биринчи жана экинчи этаптарынын жыйынтыгы чыгып, эң жогорку упай алган 54 бүтүрүүчү “Алтын сертификаттарга” ээ болушкан. Анын аймактар боюнча бөлө келгенде көпчүлүгү Бишкек шаарынын жана орус тилдүү мектептерде окуган окуучулардын упайлары жогору болгон. Ал эми Ош шаарынан эки окуучу гана “Алтын сертификатка” татыган. Бирок Ош облустук мектептерден бүткөн окуучулар ЖРТнын 1-2-этабында жакшы жыйынтыкка жетишкен жок.
















