21 араб жана ислам өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери биргелешкен билдирүү жасашып, сионисттик режимдин Иранга каршы акыркы кол салууларын айыпташты.
Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги Катардын “Al Jazeera” телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.
Араб жана ислам өлкөсүнүн тышкы иштер министрлеринин билдирүүсүндө Жакынкы Чыгышты ядролук куралдан жана массалык кыргын салуучу башка куралдардан арылтуу зарылчылыгын баса белгиленген.
Бул өлкөлөр ошондой эле мындай агрессивдүү аракеттердин улантылышы аймактык жана эл аралык тынчтык менен коопсуздукка олуттуу коркунуч келтирерин эскертип, эл аралык коомчулукту эл аралык укуктун принциптерин жана БУУнун Уставын сактоого чакырышты.
13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дан ашуун адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.
Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 20дан ашык адам набыт болгонун билдирди.
13-июнь таң эрте Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Иранга каршы кеңири масштабдагы операцияны баштаган. Анын алкагында Аба күчтөрү Ирандын аскердик объекттерине жана өзөктүк программасына байланышкан буталарга сокку урган. Чабуулдар Ирандын бир нече аймагына, анын ичинде Тегеранга да жасалды. Анда Ирандын 200дөн ашуун жай тургундар, бир нече жогорку даражалуу аскер кызматкерлери, анын ичинде Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы, ошондой эле бир катар физик окумуштуулар каза болушту.
Ошол эле күнү Иран ага ракеталык чабуулдардын бир нече толкуну менен жооп берди. Андан бери эки өлкө бири биринин аймагына кайрадан сокку урушууда.
Израилдик ЖМКлар Ирандын Израилге жасаган ракеталык соккуларынан 24 киши өлүп, 500дөн ашууну жарадар болгонун маалымдашууда.



















