Иран Израилдин чабуулдарына жооп ирээтинде ракеталык чабуулдардын жаңы толкунун баштап, Тель-Авив жана Хайфага сокку урду.
Tasnim News агенттиги маалымдагандай, бул ирет ракеталык чабуулга Тель-Авив, Хайфа, Бен Гурион аэропорту жана Негевдеги Неватим авиабазасы дуушар болду.
Al Jazeera телеканалы булактарга шилтеме берип, Ирандын чабуулунан кийин Израилдин Хайфа портунун аймагындагы электр станциясында өрт чыкканын маалымдады. Израилдик булактар оккупацияланган аймактардын борбордук аймактарында кеңири тараган электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын кабарлашууда.
Ирандын Израилге каршы ракеталык чабуулдары 3 күн мурда “Чындык убадасы 3” операциясынын алкагында башталган жана бул кол салуулар учурунда Тель-Авив, Хайфа жана оккупацияланган башка маанилүү аймактарына сокку урулган.
Бул операция израилдик режимдин 13-июнда Иранга абадан кол салуусуна жана жогорку даражалуу аскер командирлердин, физик окумуштуулардын жана бейкүнөө адамдардын өлтүрүлүшүнө жооп иретинде башталды.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу 15-июнда Израилдин чалгындоо борборлоруна сокку урганын жарыялады.
“Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аба космостук күчтөрү террористтик режимдин кылмыштарынан өч алуу максатында кыйратуучу жооп аракеттерин улантып, “Чындык убада 3″ операциясынын үчүнчү баскычында жаңы ракеталык операцияларды ишке ашыруу учурунда узурпатор режимдин чалгындоо борборлорун бутага алды”, – деп айтылат корпустун билдирүүсүндө.
Сакчылар корпус Израилге каршы жаңы ракеталык чабуул учурунда Израилдин абадан коргонуу системаларынын ишин үзгүлтүккө учураткан инновациялык ыкмалар колдонулганын кошумчалады.
13-июнда Израил Иранга сокку уруп, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялаган. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху аскерий операция Ирандын өзөктүк инфраструктурасына сокку урууга багытталганын билдирди. Ошол эле күнү Иран ага ракеталык чабуулдардын бир нече толкуну менен жооп берди. 14-июнда жана 15-июнга караган түнү Израил менен Иран бири биринин аймагына кайрадан сокку урушту. Эки тарап тең кол салууларда курман болгондор жана жоготуулар болгонун билдиришти.
Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Хоссейн Керманпур Израилдин Ислам Республикасынын аймагына жасаган чабуулдары башталгандан бери Иранда бир жарым миңдей киши жарадар болгонун, анын ичинен 220дан ашыгы каза болгонун билдирген. Керманпурдун айтымында, курман болгондордун 90%дан ашыгы жай тургундар.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи Израилдин Иранга жасаган үч кол салуусунда 70тен ашуун аялдар жана балдар каза болгонун билдирди.
The Times of Israel гезити Ирандын Израилге жасаган соңку ракеталык соккусунан 4 адам өлүп, 87 киши жарадар болуп, ооруканага жаткырылганын жазды.















