Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнө тынчсызданып, Израилдин Иран аймагына жасаган аскерий соккуларын кескин айыпташат.
Бул тууралуу ШКУнун Катчылыгынын ишемби күнү жарыялаган билдирүүдө айтылат.
“Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер Жакынкы Чыгышта чыңалуунун күчөшүнө олуттуу тынчсыздануусун билдирип, 2025-жылдын 13-июнунда Израилдин Иран Ислам Республикасынын аймагына жасаган аскерий соккуларын кескин айыпташат”, – деп жазылган ШКУнун Катчылыгынын расмий Telegram-каналындагы билдирүүдө.
Билдирүүдө белгиленгендей, “бейкүнөө жарандардын өлүмүнө алып келген жарандык объекттерге анын ичинде өзөктүк-энергетикалык инфраструктурага каршы мындай агрессивдүү аракеттер эл аралык укуктун жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставынын принциптери менен нормаларына одоно түрдө бузуу, Ирандын суверенитетине шек келтирүү болуп саналат”.
“Бул окуялар аймактык жана эл аралык коопсуздукка зыян келтирип, глобалдык тынчтык менен туруктуулукка олуттуу кесепеттерди алып келиши мүмкүн”, – деп кошумчалады уюм.
13-июнь таң эрте Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Иранга каршы кеңири масштабдагы операцияны баштаган. Анын алкагында Аба күчтөрү Ирандын аскердик объекттерине жана өзөктүк программасына байланышкан буталарга сокку урган. Чабуулдар Ирандын бир нече аймагына, анын ичинде Тегеранга да жасалды. Натыйжада, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы жана бир катар физик-окумуштуулар каза болгон.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өз жарандарына кайрылуусунда Израилдин бул соккуларын кылмыш деп атап, Израилди “ачуу жана коркунучтуу тагдыр” күтүп турганын эскерткен.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу маалымдагандай, Израилдин соккуларына жооп катары Иран “Чындык убада 3” аттуу операциясын баштап, Израилдин аскердик объекттерине каршы чабуул жасоодо.















