Еврокомиссия Россияга каршы дагы бир санкция пакетин даярдап жатат. Politico билдиргендей, кезектеги чектөөлөр 20-июнда, Канададагы G7 саммитинен бир нече күндөн кийин бекитилиши мүмкүн. Москва жаңы чектөөлөргө жооп берүүгө даяр экенин билдирди.
Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен билдиргендей, Евробиримдиктин Россияга каршы даярдалып жаткан 18-санкциялар пакети “Түндүк агым” газ куурларына жана Россиянын “көмүскө” флотунун кошумча 77 танкерине каршы чектөө чараларын камтыйт.
Ошондой эле Еврокомиссиянын сунушунда ЕБ өлкөлөрүнө россиялык чийки заттан мунай продуктыларын сатып алууга тыюу салуу жана дагы 22 россиялык банкты SWIFT банктык төлөм системасынан өчүрүү каралган.
Мындан тышкары, Евробиримдик G7 тобуна Россиянын мунайына коюлган баа чегин бир баррелине 60 доллардан 45 долларга чейин төмөндөтүүнү сунуштады.
Ар бир санкциялар пакети блоктун бардык 27 мүчөсүнүн макулдугун талап кылат жана Еврокомиссиянын сунушу документ баштапкы түрүндө добушка коюлат дегенди билдирбейт. Тактап айтканда, ал 23-июнда боло турган Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийин өзгөртүлүшү мүмкүн.
Москва жооп чара көрөт
Москва Евробиримдик иштеп жаткан Россияга каршы санкциялардын 18-пакетине жооп берерин Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко “Известияга” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Евробиримдикте кандай санкцияларды ойлоп табышты көрүү керек, бирок аларга мурда кандай жооп берилип келсе, ошондой сөзсүз түрдө жооп болот.
Өткөн жылдын аягында дипломат Евробиримдиктин Россияга каршы санкцияларынан көргөн чыгымдары €1,5 трлн евродон ашканын билдирген. Анын айтымында, чектөөлөрдөн улам болгон зыяндар өсүп гана жатат.
“Алар баарына кымбат төлөп жатышат, кирешеден куру калып жатышат. Бул Евробиримдиктин экономикасына олуттуу таасир тийгизүүдө. Eurostat жарыялаган сандар рецессия уланууда экенин көрсөтүп турат. Айрым өлкөлөрдө өсүш жайласа, айрымдарында экономика терс көрсөткүчкө өтүп кетти” — деген Александр Грушко.
















