Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин эң улуу студенти Мамат Кулматов фармацевтика адистиги боюнча окуу жайын ийгиликтүү аяктады.
Бул туурасында Ош мамлекеттик университетинин соцтармактагы баракчасында айтылат.
88 жаштагы Кулматов билим алууну 76 жашында кайра улантып, алгач колледжди, кийин университетти бүтүрдү. Ал окууга барууну апасына берген убадасы үчүн чечкен. Апасы оорудан каза болгондо дарыгер болууну максат кылган.
ОшМУ жетекчилиги аны окуу акыдан бошотуп, жатакана менен камсыздап, толук шарт түзүп берген.
«Окууга эч качан кеч болбойт», — дейт Мамат Кулматов.
Анын кайраты жана тырышчаактыгы жаштарга чоң үлгү болду.
Видео: ЭлТР



















