Климаттын глобалдык ысышы менен байланышкан океандын деңгээлинин көтөрүлүшү арал мамлекеттери үчүн жашоого коркунуч жаратат.
Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлап, Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун (БДМУ) Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндөгү климаттык абалга арналган баяндамасына шилтеме берди.
Уюмдун маалыматына караганда, 2024-жыл бул аймакта байкоо жүргүзүлүп келе жаткан тарыхтагы эң ысык жыл болду — орточо температура 1991–2020-жылдардагы көрсөткүчтөн 0,48 °C жогору болгон. БДМУ бул көрүнүштү 2023–2024-жылдардагы Эль-Ниньо феномени менен байланыштырат.
Баяндамада океандын деңгээли бул аймакта планетанын башка бөлүктөрүнө караганда тез өсүп жатканы белгиленет. Бул өзгөчө жээкке 500 метр аралыкта жашаган калктын жарымынан көбүн түзгөн аралдар үчүн өтө кооптуу. Жыл сайын климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кеминде 50 миң киши жашаган жеринен көчүүгө аргасыз болууда.
«Деңиз деңгээли бүтүндөй мамлекеттер үчүн жашоого болгон коркунучту жаратып жатат. Иш аракеттерге убакыт улам азайып бара жатат», — деп билдирди БДМУнун баш катчысы Селесте Сауло.
2024-жылы аймакта катуу ысык көпчүлүк аймактарды каптады. Австралия менен Филиппинде рекорддук температуралар катталып, бул калктын ден соолугуна, экономикага жана экосистемаларга коркунуч туудурду. Ысыктын толкуну 40 миллион чарчы чакырым аянтты камтыды — бул 1993-жылдан бери байкалган эң чоң көрсөткүч.
Жаңы Гвинея аралындагы акыркы тропикалык мөңгү дээрлик жоголуп кетти — 2022-жылдан бери анын аянты 30–50% кыскарган. Ошондой эле, Австралиянын түштүк бөлүгүндө, Жаңы Зеландиянын түндүгүндө жана бир катар Тынч океан аралдарында жаан-чачын азайгандыгы белгиленет. Ал эми Малайзиянын, Индонезиянын жана Папуа — Жаңы Гвинеянын чыгыш бөлүктөрүндө жаан-чачын нормадан жогору болгон.


















