Бишкекте «Кытай-Борбор Азия форматындагы кызматташтык» аттуу тегерек стол өтүп, анда Кыргызстан менен Кытай биргелешкен университет ачышы мүмкүн экендиги белгилүү болду.
Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Иш-чарага Кыргызстандын мамлекет катчысы Марат Иманкулов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, Дүйнөлүк саясат институтунун директору Шерадил Бактыгулов жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар аймактагы мамлекеттер менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын негизги аспектилерин, ошондой эле Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Марат Иманкулов белгилегендей, жалпы региондо кызматташуу үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүк бар.
Ал эми Элчи Лю Цзянпин Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдын мындан аркы өз ара түшүнүшүү, достук жана ишеним духунда иш алып барарына ишенимин билдирип, Кытай аймактагы беш мамлекет менен стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди түзгөнүн эске салды.
Мындан тышкары Кытай элчиси Кыргызстан менен Кытай биргелешкен университет ачышы мүмкүн экендигин айтып өттү.
«Биздин лидерлер кытай-кыргыз университетин түзүү маселесин талкуулашты»,- деди ал.
Анын айтымында, бул боюнча эки мамлекеттин тиешелүү органдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Өз кезегинде Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Кытайда 5 миң кыргызстандык студент билим алып жатканын, аларга жыл сайын Кытай тарап 450 стипендия берерин кошумчалады.

















