Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

С. Жапаров менен Си Цзиньпин бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту

  • Саясат
  • 31.08.2026 13:31

Loading

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында, бүгүн, 31-августта, транспорт-логистика, инвестиция, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларациясына кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерди алмашуу аземи болуп өттү:

Тема боюнча

Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

19.11.2026

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөр мө пункту аркылуу чек ара аймагынан өтүүчү Үзөңгү-Кууш (Чоң-Узун-Гуш) суусу аркылуу чек аралык автоунаа көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын режими жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда “Кытай – Борбордук Азия – Европа” багытындагы темир жол экспресс ташуулары боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Соода министрлигинин ортосунда электрондук соода жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

– “Бедел” өткөрмө пунктун куруу жана аны техникалык жактан жабдуу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө каттарды алмашуу;

– Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда илим, технологиялар, инновациялар жана технологияларды өткөрүп берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда кыргыз-кытай өткөрмө пункттарын башкаруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен Кытай Эл Республикасынын Сицзан автономиялуу районунун ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Ош облусу менен Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Кытайдын Медиа корпорациясынын (China Media Group) ортосунда медиаконтент жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө меморандум.

– “Кыргыз Республикасына медициналык жабдууларды жеткирүү” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жөнүндө каттарды алмашуу;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Соода министрлигинин ортосунда кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар боюнча макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө биргелешкен билдирүү;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (Сертификациялоо жана аккредитациялоо боюнча улуттук башкармалыгынын) ортосунда шайкештикти баалоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) менен Кытай Эл Республикасынын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (Кытайдын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик администрациясы, SAMR/SAC) ортосунда стандартташтыруу жаатындагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ишке ашыруу боюнча 2026-2028-жылдарга карата иш-аракеттер планы;

– Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жылкы тукумундагы жаныбарларды экспорттоодо карантиндик жана санитардык-гигиеналык талаптар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;

– Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу термикалык иштетүүдөн өткөн кой жана эчки этинен жасалган продукцияга коюлуучу талаптар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;

– Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына жаңы мөмө-жемиштерди экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы протокол;

– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Айыл чарба жана айыл иштери министрлигинин ортосунда айыл чарба жаатындагы кызматташтык боюнча 2027-2030-жылдарга карата иш-аракеттер планы;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Кытай Эл Республикасынын Дене тарбия жана спорт иштери боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук комиссия менен Кытай Эл Республикасынын Улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда этностук маселелер жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда 2026-2029-жылдарга маданият жаатындагы кызматташтык программасы;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда 2026-жылга адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык программасын биргелешип ишке ашыруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министрлигинин ортосунда биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун колдоо жөнүндө протокол;

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Радиоберүү жана телеберүү иштери боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын ортосунда радиоберүү, телеберүү жана онлайн-аудиовизуалдык каражаттар жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

– “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү” мамлекеттик мекемеси менен Кытайдын Медиа корпорациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

– Бишкек мамлекеттик университети менен Пекин чет тилдер университетинин биргелешкен институту жөнүндө макулдашуу;

– Трансчек аралык банктар аралык төлөм системасынын катышуучуларын тейлөө жөнүндө макулдашуу.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Кыргыз-кытай мамилесиКытайСи Цзиньпин
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Трамп, Си жана Путин Тынчтык декларациясын кабыл алышты: анда эмне айтылат?

Трамп, Си жана Путин Тынчтык декларациясын кабыл алышты: анда эмне айтылат?

20.11.2026
Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

Кытайда Орусия, АКШ жана КЭР лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтүүдө

19.11.2026
Bloomberg Путинди АТЭС саммитинде «көңүл борборунда» деп жазды

Bloomberg Путинди АТЭС саммитинде «көңүл борборунда» деп жазды

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
В. Путин АТЭС саммитине катышуу үчүн Шэньчжэнь шаарына келди

В. Путин АТЭС саммитине катышуу үчүн Шэньчжэнь шаарына келди

18.11.2026
АКШнын союздаштары Трамптын Си Цзиньпин жана Путин менен боло турган саммитине тынчсызданууда

АКШнын союздаштары Трамптын Си Цзиньпин жана Путин менен боло турган саммитине тынчсызданууда

17.11.2026
ЖМК: Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусу алдын ала макулдашылган күн тартибисиз өтөт

ЖМК: Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусу алдын ала макулдашылган күн тартибисиз өтөт

16.11.2026
Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

16.11.2026
Т. Мамытов: “Индия менен Кытайдын тирешинин негизги себеби – аныктала элек чек ара…”

Т. Мамытов: “Индия менен Кытайдын тирешинин негизги себеби – аныктала элек чек ара…”

29.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.