Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Ханчжоу шаарында КЭРдин бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди.
Тактап айтканда, Министрлер Кабинетинин башчысы «Geely Auto Group» компаниясынын башкы кеңсесине барып, уюмдун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Делегацияны ишкананын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, корпорациянын техникалык мүмкүнчүлүктөрү, миссиясы жана потенциалы тууралуу айтып беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин тастыктап, Кыргызстанда биргелешкен ишкана ачуу, тейлөө инфраструктурасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул демилгени изилдөө боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүүнү макулдашышты.
Белгилей кетсек, корпорациянын портфелине Geely, Lynk & Co, Zeekr, Volvo, Polestar, Proton жана Lotus сыяктуу бренддер, ошондой эле беш ири илимий-изилдөө борбору жана дүйнө жүзү боюнча ондон ашык өндүрүштүк базалар кирет. Продукцияны сатуу тармагы 100дөн ашык өлкөнү жана аймакты камтыйт.
Жумушчу сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле КЭРдин бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, анын жүрүшүндө социалдык объектилерди куруу, коммуникация, логистика жана банк-каржы сектору тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү перспективалары талкууланды.
Маалымат:
Zhejiang Geely Holding Group («Чжэцзян Джили Холдинг Груп») — 1986-жылы түзүлгөн көп тармактуу топ. Башкы кеңсеси Чжэцзян провинциясынын Ханчжоу шаарында жайгашкан. 2022-жылдагы дүйнөдөгү эң ири компаниялардын Fortune Global 500 рейтингинде 229-орунду ээлеген. Топтун ээси — кытайлык миллиардер Ли Шуфу (Li Shufu).
Тарыхы
Компанияны Ли Шуфу 1986-жылдын ноябрь айында Чжэцзян провинциясынын Тайчжоу шаарында негиздеген. Алгач компания муздаткыч жабдуулары үчүн тетиктерди чыгарган.
1994-жылы мотоцикл өндүрө баштаган. 1996-жылы Ли Шуфуга таандык ар кандай ишканаларды бириктирген Geely Group түзүлгөн.
1997-жылы автоунаа чыгарууга адистешкен туунду компания — Geely Automobile Holdings негизделген. Кийинки жылы эле Чжэцзян провинциясынын Линьхай шаарындагы заводдо биринчи автоунаа чыгарылган.
2003-жылы топтун аталышы Zhejiang Geely Holding Group болуп өзгөртүлгөн.
2005-жылы Geely Automobile компаниясынын акциялары Гонконг фондулук биржасына жайгаштырылган.
2006-жылы Лондондун таксилерин чыгарган британиялык Manganese Bronze Holdings компаниясынын 20 пайыздык үлүшү сатып алынып, аны менен биргеликте Кытайда автоунаа өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүлгөн.
2010-жылы мурда Ford компаниясына таандык болгон швециялык Volvo Cars автоунаа өндүрүүчүсү сатып алынган.
2012-жылы Zhejiang Geely Holding Group биринчи жолу дүйнөдөгү 500 ири компаниянын Fortune Global 500 тизмесине кирген.
2013-жылы Manganese Bronze компаниясы толугу менен Geely тобунун курамына өткөн.
2017-жылы Малайзиянын рыногундагы катышуусун кеңейтип, жергиликтүү Proton компаниясынын акцияларынын 49,9 пайызын сатып алган. Ошондой эле Lotus Cars компаниясынын контролдук пакетин сатып алган.
Ошол эле жылы АКШда жайгашкан, инновациялык технологияларды, анын ичинде учуучу автоунааларды иштеп чыккан Terrafugia компаниясы да сатып алынган.
2017-жылдын декабрь айында жүк ташуучу автоунааларды өндүргөн Volvo AB компаниясынын акцияларынын 8,2 пайыздык үлүшү сатып алынган.
2018-жылы Даниянын инвестициялык банкы Saxo Bank компаниясынын контролдук пакети сатып алынган.

















